Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:28

ШАЙЛООКОМДУН ОРДУНА СООДАКОМ...БУ?


“Московский комсомолец Кыргызстан” гезити адаттагыдай эле Елена Агееванын “президентке кат” макаласы менен ачылды. “Жолдош президент!” деп башталган ал кат: “айрым жарандар сиз өз шайлоо участогуңузда добуш бергенден кийин: “Бүгүн Кыргызстанда көшөгөнүн артында шайлоо өткөрүүгө таптакыр мүмкүн болбой калды” деп сүйлөгөнүңүзгө аябай нааразы болуп жатат, кечээги жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүү эле мамлекеттин казнасын 133, 6 млн. сомго эңшерип кетти. Эми төөсү кыядан өтүп алган соң депутаттар элди карамак беле. Эл деле ага көнүп бүткөн. Андан көрө мындан ары шайлоокомдун ордун соодаком менен алмаштырсак кантет? Ошондо ким көп акча берсе ошол депутат болот. Бирок бул сценарийди өлкөнүн өзгөчөлүгүнө жараша саал-саал өзгөртүүгө туура келет. Маселен депутаттык орундарды оптом эмес, бир-бирден сатуу зарыл. Ошондо казынага да акча кабелтең түшөт, ошондо башынан ыкшоо, баарына кайдыгер калктын артынан чуркмай, үгүт жүргүзмөй, аны таңдан кекчке дейре шайлоо участокторуна ташымай убарасы да калат. Эң башкысы Кабилова сыяктуу кокусунунан уйкусунан чочуп ойгонуп, шайлоо массалык түрдө бурмалануу менен өттү деп оозуна алы жетпегендер шылдың болот” деп жазды.

Гезит мындан тышкары социалдык-экономикалык кембагалдык биринчи иретте олкөдөгү кары-картаңдарды, майыптарды анан балдарды белге чабарын баяндап, Кыргызстандагы билим берүүнүн улуттук өзгөчөлүгүн Баткен аймагындагы жергиликтүү мектептердин мисалында кеп кылды. Маселен Баткендин Ак-Суу деп аталган районунда кыргыз жана өзбек мектепери катарлаш жашап жатканын, анткени айыл эли кыргыздар менен өзбектерден турарын, бирок тургундардын айтымында мектептерди тилине карата бөлүп окутуу жакшылыктын жышааны эместигин, акыры ал улут аралык араздашууга чейин алып барарын айтышканын белгилеп, жакында бул жерде БУУнун Балдар фонду деп аталган программасынын алкагында даярдоо класстары ачылганын, ага кыргыздар менен өзбектер да балдарын жандили менен окутуп атканын, анткени мамлекеттик тилди билүү өзбек балдарынын орто мектепти бүтүргөндөн кийин облусттун жогорку окуу жайыны тапшыруусуна жол ачарын, бирок тилекке каршы орус тилин окутуу бул аймакта унутта калганын, жадагалса район боюнча орус тили мгалими жок экендигине окурман көңүлүн бурду.

“Дело №...” гезити ушул эле окуу жагдайына токтолуп, Кыргызстанда орто мектептерди бүтүргөн окуучулардын 50 пайызынан көбү жадыбалды жана элементардык орус сөздөрүн билбестигин Кыргыз-Орус Славян университетинин профессору Владимир Нифадьев атайын жыйындардын биринде айтып чыкты деп кабарлап, дагы бир профессор Михаил Рудов китеп жаатындагы абал мындан да жаман ахыбалга түшкөнүн, Кыргызстандагы баалуу китептер эми кытайдын фабрикаларына таштанды катары ташылып, ал жактан кайра иштетилип, даараткана кагазы катары чыгарылып, кайра өзүбүзгө сатылып жатканын, демек мындан ары Орусия кайрадан конкреттүү кадамадарды жасабаса Кыргызстан маданий жана экономикалык кембагалдыктын азабын дагы далай жылдар бою тартарын айтканын маалымдады.

Гезит ошондой эле дайынсыз жоголуп жаткан депутат Руслан Шаботоев менен депутат Жусупбек Жээнбековдун уулу Бахтияр Амиржанов тууралуу макала жарыялады.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG