Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:22

14:18 Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун тыянагы чыга элек


БШКнын маалымат кызматы буга жер-жерлерден маалыматтардын толук келе электиги менен түшүндүрүүдө. Добуш берүү жыйынтыктары БШКга Ош, Нарын, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынан келди Калган аймактардагы округдардан келип жатат. Ал эми Бишкек шаарындагы бардык 11 округда добуш берүүнүн жыйынтыгы чыкты деп билдирди БШКнын маалымат катчысы Бакыт Жумагулов. БШК жетекчилиги шайлоо жыйынтыгын чыгарууга мыйзамда он күндүк мөөнөт каралгандыгын, бул аралыкта шайлоо тыянагы округдук шайлоо комиссиялардын чечимдеринин негизинде жарыяланарын айтууда. Жергиликтүү кеңештерге депутаттык үчүн талапкерге добуш берүү 5-октябрда 60 шайлоо округунда жүргөн. (BuS)

XS
SM
MD
LG