Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:52

07:25 Бүгүн Бишкекте Грузиянын КМШдан чыгуу чечими талкууланат


Грузиянын КМШдан чыгуу чечими шериктештикке мүчө- өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин кеңешмесинин бүгүнкү отурмунда талкууланат. Бул тууралуу “Азаттыкка” тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов билдирди. Ушул жылдын 18-августунда Грузия КМШдан чыгуу чечими тууралуу шериктештикке кирген мамлекеттерге расмий билдирген. Жобого ылайык КМШ мамлекеттери бул боюнча акыркы чечимин 12 айдын ичинде чыгарышы керек. Ал аралыкта Грузия КМШнын алкагында буга чейин алган милдеттенмелиреин аткаруусу зарыл. Аталган маселе эртең КМШ мамлекет башчыларынын саммитиде да каралат, дейт А.Бешимов. Ошондой эле кеңешменин бүгүнкү отурумунда коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, миграция жаатында кызматташуу жана башка маселелер боюнча жалпысынан 20дан ашуун документтер каралаары күтүлүүдө.(MSu)

XS
SM
MD
LG