Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:28

Ырысбай Абдыраимов, Жалал-Абат Аксы районундагы Тоорук айылынын Өзбекстанда калган бөлүгүнүн тагдыры эмдигиче чечиле элек. Айылда жол, суу, электр жарыгы, мектеп, жашоо көйгөйлөрүнөн сырткары чек ара түйшүктөрү жанга батат. Андан тажаган жергиликтүү калк бөлүнүп калган туугандарын Кыргызстанга көчүрүп алууну көптөн бери талап кылууда. Өзбекстанда калган кыргыздар болсо кыргыз өкмөтү турак-жай курууга жер жана акча каражатынан жардам берип, өз аймагына көчүрүп алса деген ойлорун айтышууда. Жалал-Абат облус губернаторунун 1-орунбасары болсо тооруктардын талабын аткаруу мүмкүн эместигин билдирди.

Тоорук айылынын Өзбекстанда калган жагы башы ачыла элек болсо да, айыл ортосуна коңшу өлкө чек ара бекетин коюп алган. Аксы районундагы 9 талаштуу жайдын бири болгон бул аймакта 40 үй-бүлөлүү кыргыз жарандары жашайт. Алар жер үлүшүн райондон алышкан, салыктарын Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө төлөшөт. Окуучулар күн сайын чек арадан өтүп келип, Кош-Дөбөдөгү орто мектептен билим алышат.

Айылдын кыргыз бөлүгүнүн аксакалы Ормон Алимов Өзбекстандагы жердештеринин жашоосу оордугун, эгин өстүрүп, мал багаарда чек ара тоскоолдуктарына арбын кездешээрин билдирди. Жакында өзбек чек арачылары ишкерлик кылган өзбек жана кыргыз жарандарын колго түшүрүп, аларды өз аймагына алып кетишкен. Айылдыктар бири-бирине катташаарда мыйзамсыз текшерүүлөргө туш болуп, кыйналышат:

- Бизге жер алмаштырып бергиле, кирип-чыкканга, катташка өтө кыйын болуп калды. Өзбекстанда жашаган элдин баарына 18 сотыхтан огород, кайтарымсыз компенсация берсин. Там-ташынын баары калып атат. Өзбек туугандар материал бузуп кеткенге, бир нерсе алып чыкканга деле тыюу салып атат. Эл катташпаса болбойт экен. Кыргызстанга жакын жерде алардын посту бар, жогору жактан келгендер ошол жерден колго түшүп эле, штраф төлөп кыйналып атат. Ушул маселени радио аркылуу Бакиевге жеткирип койсоңор, - деп айтты Ормон Алимов карыя.

Райондун акими Аскербек Алиев Тоорук да анклавдардын бири экендигин, талаштуу чек ара жайлары кылдаттык менен чечилерин билдирди. Айылдын колго түшкөн тургунуна өзбек тарабы чек арадан мыйзамсыз өткөн деген кылмыш ишин козгоп, башка жакка кетпөө талабы менен бошоткон, бирок жүк ташуучу машинасын бербей койгон.

Айылдын өзбек бөлүгүндө жашаган Кайрыкан Атамбекова өлкө президентине кайрылуу менен Кыргызстанга көчүүгө уруксат берилсе, үй-жайыбызды бузуп, курулуш материалдарын ташып өтүп, турак-жай тургузуп алат элек деген илгери үмүтүн айтты:

- Карындаш, урук-туугандар Кыргызстанда жашайт. Мал да ошол жакта жайылат, суну да ошол жактан ичебиз. Өзбекстандан бизге суу деле тийбейт. Бир жерден жер ооштуруп бизди Кыргызстанга өткөрүп койсо.

Кайры эненин жердеши Токторбек Атамкулов азык-түлүк ташып өтөөрдө да чек арадагы тинтүүлөр көкөйгө тийгенин белгиледи:

- Кожолукка огород жок. Бала-чака, тууган-урук бул жакта, биз өтө албайбыз. Эшек араба менен бир нерсенин баарын алып келип, ушул жерден түшүрүп, андан ары көтөрүп өтүшүбүз керек. Биздин жерибиз бар бул жерде илгертен.

Кош-Дөбө айыл өкмөтүндө тооруктуктарга жай берүүгө жер жетиштүү. Айыл өкмөт башчы Раимжан Мавлянов адегенде Өзбекстанда калган беш гектар кыргыз жеринин тагдырын чечип алуу керек деп эсептейт:

- Жер участогун беребиз. Бирок сөзсүз Өзбекстанда калып кетип аткан жердин компенсациясы болуш керек, ансыз маселе чечилбейт.

Тоорук айлындагылардын көйгөй-талаптары бир нече жолу өкмөткө билдирилген. Губернатордун 1-орунбасары Жаныш Курбановдун жообу боюнча, Өзбекстанда калган кыргыздарды көчүрүп алууга мүмкүнчүлүк жок: деп, жооп узатты чек араларды тактоо үчүн куралган өкмөттүк комиссиянын мүчөсү Жаныш Курбанов:

- Участка таап берүү боюнча айыл өкмөт менен макулдашканбыз. Элдер айтып атат, бизге компенсация төлөсүн, тамды салып берсин, участка берсин. Азыркы мезгилде андайга мүмкүнчүлүк жок болуп атат, өкмөттөн ошондой кабар келген. Элдин айтканы ушундай болду деп кайра кат жөнөткөнбүз, ага жооп келелек - деп, жооп узатты чек араларды тактоо үчүн куралган өкмөттүк комиссиянын мүчөсү Жаныш Курбанов.
XS
SM
MD
LG