Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:51

19:15 “Ата Мекен” партиясы шаардык кеңешке шайлоону жокко чыгаруу боюнча акция өткөрөт


“Ата Мекен” партиясы Бишкек шаардык кеңешине шайлоого талапкерлердин укугун коргоо максатында, 5-октябрда өткөн шаардык кеңешке депутаттарды шайлоону жокко чыгаруу боюнча акция өткөрөт. Бул тууралуу билдирген аталган партиянын мүчөсү Алмамбет Шыкмамбетовдун айтымында, акция көчөгө чыгуу же митинг өткөрүү эмес, шайлоо учурунда мыйзамдын одоно бузулуп, бурмаланганы боюнча далилдүү документтерди топтоп, шайлоонун таза өтпөгөнүн эл аралык уюмдарга коомчулукка жарыялоо максатын көздөйт. (AJ)

XS
SM
MD
LG