Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:07

КЫРГЫЗ-ОРУС КЫЗМАТТАШТЫГЫ КЫРГЫЗСТАНГА ЭМНЕ БЕРЕТ?


Расмий сапар менен келген Орусиянын президенти Дмитрий Медведев бүгүн Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев менен жолугушту. Жолугушуунун соңунда эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка багыттар боюнча эки тараптуу кызматташууларды өркүндөтүү тууралуу келишимдерге кол коюлду. Айрым саясат талдоочулар эки өлкө мамлекет башчыларынын буга чейинки жолугушуулары Кыргызстан үчүн пайдалуу боло бербегендигин, бирок бул жолу Орусия Борбор Азиядагы таасирин сактап калуу үчүн Кыргызстанга убада кылган экономикалык көмөгүн ишке ашыруусу ыктымалдыгын айтышууда.

Орусия президенти Дмитрий Медведев башында турган делегациянын иш сапарында саясий-экономикалык, социалдык-гуманитардык багыттагы бир нече келишимдерге кол коюлду. Атай кетсек: Орусия менен Кыргызстандын мамлекет башчылары эки өлкөнүн кызматташтыгы жана стратегиялык өнөктөштүгү боюнча бирдиктүү билдирүүгө кол коюшту. Мындан тышкары кыргыз өкмөтү менен орус өкмөтүнүн ортосунда энергетика, бажы тармагындагы кызматташууларды арттыруу жөнүндөгү, кыргыз өкмөтү менен Орусиялык “ГазПром” ишканасынын ортосунда “КыргызГаз” ишканасын менчиктештирүү тууралуу өз ара түшүнүшүү боюнча келишимге кол коюлду.

Жолугушуудан кийин анын мазмуну тууралуу мамлекет башчылары журналисттерге маалымат беришти. Анда айтылгандай акыркы жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода алмашуу 2 млрд долларга жетти.

Орусия менен Кыргызстан экономикалык кызматташууну өркүндөтүүгө аракет кылгандыгын белгилеген кыргыз президенти Курманбек Бакиев Орусия Кыргызстандын гидроэнергетика тармагына кызыгып, бир топ ири долбоорлорду сунуштаганын билдирди:

-Орусия биздин бай гидроэнергетикалык ресурстарыбызды чогуу иштетүүгө кызыгууда. Биз да муну колдойбуз жана Камбарата ГЭСтеринин каскадын куруу долбоорунун эртерээк ишке ашуусуна үмүттөнөбүз. Жана ошондой эле энергетика тармагындагы башка дагы бир катар долбоорлорду аракетке киргизүүгө мүмкүнчүлүк алабыз деген ойдобуз, -деди Курманбек Бакиев.

Орусия президенти Дмитрий Медведев билдирүүнүн саясий мазмунуна көбүрөөк басым жасады. Ал өз сөзүндө Кыргызстан Орусия үчүн стратегиялык өнөктөш, союздаш катары кала берерин айтып кетти:

-Биз алдыга жылуу аракетибизди кайра дагы бир жолу бекемдедик. Биз кызматташтыктын бардык жаатында: экономикалык, социалдык-гуманитардык жана аскердик багыттагы алдыга жылууну уланта беребиз. Ошондой эле тышкы саясаттагы багытыбызды да азыркы дүйнөдө болуп жаткан коркунучтарды эске алуу менен бир нукка салуу аракеттерин көрө беребиз.

Дмитрий Медведев Кыргызстан менен Орусия КМШ, ШКУ, ЖККУ жана ЕврАЗзЕс алкагында да кызматташууну күчөтүү тууралуу сөз болгондугун айтып, терроризмге, кылмыштуулуккка, наркобизнеске жана учурдун көйгөйлүү маселелерине каршы күрөшүүдө да кызматташтыкты тереңдетүүгө ишенерин билдирди:

-Мен үмүттөнөм –биздин азыркы жолугушуубуздун, эртеңки саммиттин жыйынтыгы эки элдин жакшылыгы үчүн кызматташтыктын жаңы деңгээлине көтөрүүчү кадамдар болуп эсептелет.

Дмитрий Медведев Орусиянын жаңы шайланган үчүнчү президенти катары Кыргызстанга алгачкы ирет иш сапары менен келип отурат. Буга чейинки мамлекет башчылар Борис Ельцин менен Владимир Путин да Кыргызстанга бир нече жолу келип кетишкен. Айрым саясат талдоочулардын белгилөөсү боюнча Медведевдин сапары буга чейинки жогорку деңгээлдеги сапарлардан бир топ айырмалуу болууда. Анткени азыр Россия жаңы стратегияны баштап, ошону ишке ашырууга аракет жасап жаткан учур, дешет алар. Орусия Борбор Азияда таасирин сактап калуу үчүн Кыргызстанды жок дегенде экономикалык жактан өзүнө байлап калууга аракеттенет, деп эсептейт саясат талдоочу Марс Сариев:

-Эми Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык түрдүү жактан, экономикалык жактан да өсө баштайт. Мурдагыдай түзүлгөн келишимдер сөз жүзүндө эле айтылып, кагаз бетинде эле жазылып кала бербестен, эми ишке ашырылып, аткарыла баштайт. Анткени буга Орусия тарап өзү кызыкдар, себеби алар Борбор Азиядагы таасирин сактап калуу үчүн Кыргызстанды, Тажикстанды өзүнө экономикалык жактан байлап калууга аракет кылат. Бул аларга аябай керек, анткени Абхазия менен Түштүк Осетияга карата Казакстандын позициясы белгилүү болуп калды.

Марс Сариев белгилегендей, Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы саясий-экономикалык мамилелердин өнүгүшүнө быйыл жайында Кавказда болгон чатак, андагы Орусиянын аракетине КМШ мамлекеттеринин түрдүү баа берүүсү да себеп болуп жатат. Жакында эле Казакстандын тышкы иштер министри Нуртазиндин Вашингтондо айткан билдирүүсү расмий Астана баштагыдай эле көп багыттуу саясатын сактап каларын ачыктаган. Мындан Орусия Борбор Азия аймагындагы эң таасирдүү пикирлешин жоготуу коркунучу бардыгын сезип турат, дешет кээ бир байкоочулар. Алардын айтуусунда Бишкектегии жолугушуу учурунда да Кыргызстандын президенти эки өлкөнүн экономикалык кызматташуусуна басым жасаса, орус президенти негизинен саясат, эки өлкөнүн тышкы саясаттагы өнөктөштүгүн өркүндөтүүгө басым жасаганы муну ачык көрсөтүп турат.

Ошол эле учурда Орусия бир канча жылдан бери кечпей келе жаткан 150 млн доллар өлчөмүндөгү карызын кечип жиберүүсү ыктымалдыгы да айтылууда, бирок ал үчүн Кыргызстан Орусиянын ишенимине толук кирүүгө тийиш, дешет байкоочулар.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG