Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

07:20 Бүгүн Бишкекте Евразия экономикалык жамааттын мамлекеттер аралык кеңешинин отуруму болот


Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, жыйында ЭврАзЭжди 2010-жылга чейин өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруу чаралары, бирдиктүү экономикалык аймакты түзүү, энергетикалык рынокко, тарнспортко, азык-түлүк коопсуздугуна, миграция саясатына байланышкан маселелер, бардыгы болуп 15 документ каралаары күтүлүүдө. Отурмуга ЭврАзЭжге мүчө мамлекеттер Россия, Казакстан, Беларус, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын өлкө башчылары катышат. Ал эми Армения, Молдова, Украина байкоочу катары катышаары күтүлүүдө. Маалыматтарга караганда, отурум Тажкистандын президенти Эмамоли Рахмондун төрагалыгы астында өтөт.(MSu)

XS
SM
MD
LG