Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:03

ФРАНЦИЯЛЫК ЖАЗУУЧУ ЛЕ КЛЕЗИО - НОБЕЛЬ СЫЙЛЫГЫНЫН ЖАҢЫ ЛАУРЕАТЫ


Амирбек Усманов, Прага 2008-жыл үчүн Нобель атындагы адабий сыйлык франциялык калемгер Жан-Мари Гюстав ле Клезиого ыйгарылды. Сюреалисттик романдары менен белгилүү жана чыгармалары чет тилдерге эң көп которулагн жазуучуга 10-декабрда Швециянын байтакты шаары Стокгольмдо өтчү салтанатта Нобель сыйлыгынын диплому жана 1,4 миллион доллар тапшырылат.

Нобель атындагы сыйлыкты ыйгарчу Швециянын падышалык академиясынын катчысы Хорас Энгдал 9-октябрда Стокгольмдо адабият жаатындагы сыйлыкты жеңүүчүнүн ысымын атады:

-Нобелдин адабият боюнча сыйлыгы 2008-жыл үчүн жаңы табылгалардын, кызыктуу поэтикалык окуялардын жана сезимдердин экстазынын, цивилизициядан тышкы дүйнөнүн изилдөөчүсү-франциялык жазуучу Жан-Мари Гюстав ле Клезиого ыйгарылды.

Ле Клезио 1940-жылы Ницада теги дарыгердин үй-бөлүсүндө туулган. Болочок жазуучунун балалык курагы Нигерияда англис жана француз тилдүү чөйрөдө өтөт. Кийинчерээк Мексикада жана Ортолук Америкада да жашайт. Ошон үчүн, Энгдал белгилегендей, жазуучунун чыгармаларынан береги жана башка түрдүү элдердин маданиятынын таасири байкалат же «космополиттик мүнөзгө ээ».

Ле Клезионун «Сурак» деген биринчи китеби 1963-жылы басмадан чыкканы менен, 1980-жылы жарык көргөн «Чөл» аттуу романы аны Франциядан да тыш өлкөлөргө таанытат. Бул роман, Швециянын падышалык илимдер академиясынын белгилешинче, «Түндүк Африканын жоголгон маданиятын элестүү чагылдыруу менен бирге, аны мусапыр-иммигранттын көзү менен Европага салыштырат».

Хорас Энгдал сыйылыкты ыйгаруу ашыкча саясаттырылышып кеткен деген сын пикирлерди четке кагып, комитеттин мүчөлөрү сыйлыкты мыкты чыгармага гана беририн билдирди. Мындай кеп-сөз Энгдал жакында берген интервьюда Кошмо Штаттары өзүнчө эле обочолонуп алып, өзү менен өзү алек, дүйнөлүк адабий диалогдорго да катышпайт дегенден кийин пайда болгон.

Кыргыз жазуучусу Мамасалы Апышев да Нобель сыйлыгы адабий дүйнөдөгү эң белгилүү, бирок саясатташкан сыйлык деген ишенимде:

-Ошол эле учурда Нобель сыйылыгы мурдатан эле ашкере саясатташкан сыйлык болуп эсептелет. Мисалы, Советтер Союзу бар кезде, эки система тирешип турган учурда коммунист жазуучулар өгөйлөнүп, эң мыкты жазуучуну да жолотпой жүрүшкөнү белгилүү. Ал эми баягы анти-советчилдер деп койчу эмес белек, алар көкөлөтө макталып, көптөрүнө Нобель сыйлыгы берилген. Маселен, Пастернактын Италияда бир жолу чыккан «Доктор Живаго» романы, саясый качкындар Иосиф Бродский менен Андрей Солженицинге саясый жүйөдөн улам сыйлык ыйгарылган. Михаил Шолоховдун Нобель сыйылыгын алган «Тынч Дон» романы да Батыш адабият таануусунда антисоветтик чыгарма ирети бааланып жүрбөйбү. Мындай далилдер жана аргументтер толтура. Кийинки биздин залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов баш болгон советтик күчтүү акын-жазуучулар Нодар Думбадзе, Олжас Сулейменов, Расул Гамзатов, Валентин Распутин –булардын баары Нобель сыйылыгына татыктуу чыгармаларды жазган деп ойлоймун.

Ырасында эле, XX-кылымдын адабиятында өчпөс из калтырган көптөгөн жазуучулар сыйлык албай, Апышев айткандай, адабиятка дегеле таасир этпеген, ысымы азыр унутулган жазуучулар мартабага татыганы маалым. Муну Нобель сыйылыгынын лауреаттары өздөрү да мойнуна алышкан. Маселен, Бродский - Иосип Мендельштамды, Хуан Рамон Химененес Федерико Гарсиа Лорканы сыйлыкка татыктуу дешкен. Чыңгыз Айтматовдой эле Нобель сыйлыгын албаган жазуучулардын арасында Бертольт Брехт, Френсис Скот Фицжеральд, Теодор Драйзер, Жорж Оруэлл сыяктуу кеңири окурмандарга таанымал ысымдар жок.

Азиянын адабияты, анын ичинде Кытай, Перс, Араб, Индия адабияты Европа адабиятына караганда бир кыйла карт болгону менен, азиялык жазуучулар, ошондой эле африкалык жазуучулар Нобелдик комитеттин назарына илинбей жүрөт деген да пикирлер бар. Анын себеби, Мамасалы Апышевдин байкоосунча, котормого байланыштуу:

-Котормо проблемасы да бар. Азиялык түрк тилдүү эле жазуучуларды айталычы. Алардын чыгармалары Нобель комитетине жеткенче, же Европада сөз болгончо эки-үч которулат. Орусча, англисче же башка тилдерде которулуп жарыяланганча – кандай деңгээлге жетет? Улуттун менталитети же өзгөчөлөнгөн жазуучунун сапаттары кандай сакталат? Бул маселе да бар, биринчиден. Экинчиден, англис тилдүү деген континенттер бир эмеспи, акыркы 10 жылда Нобель сыйлыгын африкалык же эки-үч ынды кара жазуучу албадыбы. Алар дароо эле англис тилинде жазышкан. Орусчадан кийин да эң мыкты чыгарманын англис тилине которгондо анын көркөмдүк деңгээли төмөндөйт.

Котормодон мыкты чыгарма да улуттук маңызын жоготот, анын мисалы ирети Төлөгөн Касымбековдун кыргыздар сүйүп окуган “Сынган кылыч” романын айтса болот, дейт Апышев:

-Мисалы, Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч“ романын орусчага которулганда, биздин менталитет, улуттук колорит котормодо жетишерлик деңгээлде сакталдыбы? Сакталабы? Сакталса да Европалык окурман үчүн түшүнүктүүбү? Ушул маселе да бар. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары түшүнүктүү болчу. Анткени жазуучу көп чыгармаларын дүйнөлүк масштабда, дүйнөлүк окурмандын талабына ылайык жазган. Накта улуттук жазуучулар дагы бар да. Мыкты жазуучунун эмгеги котормодон аксап, окурманга жетпей калган же түшүнүксүз болуп калган учурлар болот да.

Ле Клезио акыркы он жылда Альфред Нобель атындагы абройлуу дүйнөлүк сыйылыкка татыктуу болгон экинчи француз жазуучусу. Сыйлык 2000-жылы анын теги кытайлык мекендеши Гао Синзянга берилген. Баса, Нобелдин адабият жаатындагы биринчи сыйылыгы-1901-жылы франциялык Сюлли-Прюдомго ыйгарылган.

Түрк элдердин ичинен биринчи болуп болуп бул сыйлыкты 2006-жылы түркиялык жазуучу Орхан Памук алды.

Кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун китептери алгачкы жолу 1980-жылдары Нобель сыйлыгына көрсөтүлсө, акыркы ирет былтыр жана быйыл түрк тилдүү өлкөлөр тарабынан көрсөтүлгөн эле.
XS
SM
MD
LG