Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:39

11:12 А.Мамасалиев: “Мамлекеттик кызматкерлердин көбү мыйзамдар менен жаңы технологияларды ишке киргизүүгө жөндөмсүз”


Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Мамасалиев мындай пикирин Мамлекеттик кызмат боюнча мамлекеттик агенттиктин иши жөнүндө маселени кароо маалында билдирип, өкмөттү түзгөн “Ак жол” фракциясы кадрлардын сапатын жакшыртууда талапты катуу коюуга милдеттүү деп белгиледи. Депутаттын айтымында, ушул жылдын 9 айындагы иликтөө парламент кабыл алган мыйзамдардын көбү кызматкерлердин жөндөмсүздүгөн улам ишке ашырылбай, үстөлдө калаарын жана кадр саясатынан баштап, мекемелердин ички керектөөсүнө зарыл жабдууларды сатып алууга чейин милдеттүү болгон статс-катчы институту бара-бара унутта калып бараткандыгын көрсөткөн.Парламент Мамлекеттик агенттиктин жүргүзгөн иши тууралуу толук маалыматты 1-ноябрда уга турган болду. (BD)

XS
SM
MD
LG