Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:21

БИШКЕК САММИТИ ШЕРИКТЕШТИКТИ ЧЫҢДОО ЧЕЧИМДЕРИН КАБЫЛ АЛДЫ


Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы астында КМШ кирген мамлекеттердин башчыларынын саммити өттү. Бишкек саммитине Украина, Азербайжан президенттери келбей калышты. КМШ курамынан чыгары тууралуу буга чейин жарыялаган Грузия мамлекетинен Бишкек саммитине бир да өкүл келген жок. Калган мамлекеттердин президенттери саммитке толук катышты.

КМШнын Бишкек саммити 19 маселени талкуулады. Алардын ичинде негизги маселелердин бири Шериктеш мамлекеттердин 2020-жылга чейинки экономикалык өнүгүү стратегиясынын долбоору болду. Долбоорду саммит кошумча иштеп чыгып, аны бекитүүнү Кишиневдо өтө турган өкмөт башчылардын ноябрь отурумуна тапшырды.

Президенттер жактырган негизги маселелердин катарында энергетика, транспорт тармактарына өзгөчө маани берүү, маңзаттарга каршы биргелешкен күрөштү күчөтүү, чегаралаш кызматташтык, 2008-жылды жаштар жылы деп жарыялоо өңдүү маселелер болду. Саммиттин дагы бир чечимине ылайык каржы кризисин жөндөө максатында КМШ алкагында каржы министрлеринин деңгээлинде жумушчу топ түзүлдү.
Саммиттин күн тартибине Грузиянын уюмдан чыгуу сунушу да кирген.

КМШнын аткаруучу катчысы Сергей Лебедевдин билдиргенине караганда,
тигил же бул мамлекетти уюмдан чыгаруу жараяндары бир жылга созулат. Катчылыктын эсеби боюнча Грузияга байланышкан жараян 18-августка чейин созулат.

Лебедев саммиттен кийин уюштурулган маалымат жыйынында аталган саммит КМШны бекемдөө багытында конструктивдүү сөз кылды деп, Грузиянын чыгышын жалпы маанайга таасир этпей турган көрүнүш катары баалады:

- Грузиянын КМШдан чыгышына байланышкан жагдай – бул башкача. Бүгүн ал эмес президенттердин бардыгы Грузия кайра кайтып келсе эшик дайым ачык деп айтышты.

- КМШнын азыркы төрагасы, Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевдин саммит соңунда журналисттерге жасаган билдирүүсүндө Бишкек жыйыны ишкердиги, конкреттүүлүккө умтулгандыгы менен айырмаланды деди:

- Бүгүнкү жолугушуу мамлекеттер ортосундагы интеграциялык жараяндарды мындан ары бекемдөө багытындагы кызматташтыкта конкреттүүлүккө маани берүүгө умтулуу шериктештиктин бардык мүчөлөрүндө бар экенин көрсөткөнүнө ынандым. Мен буга өзгөчө маани бердим.

Ал эми Молдова президенти Владимир Воронин саммитте:- Шериктештик бардык кыйынчылыгы, проблемалары менен, баары бир КМШ өзүнүн жашай аларын, маанилүү маселелерди чече аларын далилдөдө. Биз муну бул жолу көрсөтө алдык, - деди.

Талдоочу Аркадий Дубнов болсо Грузия катарынан кетсе да жашоосун кадырэсе уланта берерин КМШ Бишкекте көрсөткүсү келди деп билдирди. Анын көз карашында КМШ президенттерди жолуктура турган виртуалдык структура бойдон жашап кала берет.

Саммитке катышкан президенттер Дмитрий Медведев, Александр Лукашенко, Нурсултан Назарбаев, Ислам Каримов, Курбангулы Бердымухамедов, Эмомали Рахмонов маалымат каражаттары менен жолугушууга чыккан жок. Саммиттин жыйынтыгы боюнча маалыматты КМШнын азыркы төрагасы, Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев, келерки жылы башкара турган Молдова президенти Владимир Воронин, уюмдун аткаруучу катчысы Сергей Лебедев беришти.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG