Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:33

16:25 Экс-башкы курулушчу И.Кадырбеков ММК аркылуу президентке абактан кайрылуу жолдоду


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ишенбай Кадырбековдун жактоочусу Кубан Калыков билдирди. Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин азыр абакта жаткан мурдагы башчысы Ишенбай Кадырбеков кайрылуусун өкмөт башчыга, Эсептөө палатасынын төрагасына жана Билим берүү министрине да жолдоп, өзүнө коюлган айыптардын баарын жалаа деп баалаган. Курулуштун дүйнөлүк жаңы технологиясын сунуштап, баасы арзан мектептерди курганым үчүн абакка салдыңар деп, ишинин тууралыгын жер титирөөдө Нура айылына курулган мектептин урабай калганы далилдээрин жазган. Андан тышкары Өзгөн, Карасуу райондорунда курулган мектептер менен өзү Кочкор районунда салган мектептердин баасы эмне үчүн айырмаланат жана мамлекеттик кабыл алуудан өтө элек мектептерде окууга эмне үчүн уруксаат берилди деген соболдорду Билим берүү министри Ишенгүл Болжуровага жолдогон. (BD)

XS
SM
MD
LG