Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:41

13:04 Аймактарда буудайдын түшүмдүүлүгү тууралуу сандар чындыкка дал келбей жатат


Сентябрь айында өкмөт жер-жерлерде жыйналып жаткан буудайдын түшүмдүүлүгү расмий түрдө айтылып жаткан сандарга дал келишин иликтөө боюнча комиссия түзгөн. Ага каржылык чалгын кызматынын, айыл чарба министрлигинин, статистикалык комитеттин кызматкерлери кирген. Комиссия жетекчиси Камил Жумабаевдин "Азаттыкка" билдиргени боюнча, жер-жерлерде түшүмдүүлүк тууралуу отчеттордун чындыкка дал келбей жатканы маалым болду. Мисалы Жалал-Абад облусунда орточо түшүмдүүлүк гектарына жыйырма тогуз центнерден жогору делген. Текшере келгенде 27,7 центнер экени билинди. Баткенде жана Ошто отчеттогудан бир жарым центнерге аз эгин жыйналып атканы иликтенди. Учурда башка облустарда дагы текшерүү жүрүп атат. К.Жумабаевдин айтымында, келээрки жуманын орто ченинде комиссия иликтөөнүн жыйынтыктары чогултуп, өкмөткө өткөрүп берет. Расмий маалыматтар боюнча, буудайдын орточо түшүмдүүлүгү гектарына 22 центнерди түзүп жатат.(AiJu)

XS
SM
MD
LG