Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:59

16:10 К. Бакиев: Исмаил Исаков ишин сындаганыма таарынып кызматынан кетти


Президент Курманбек Бакив мындай пикирин бүгүн өз администрациясы менен курган жыйында билдирди. Коопсуздук боюнча кеңештин катчысы Исмаил Исаковдун ишин өткөн жыйында сынга алып, анын кемчиликтерин көрсөткөнүнө ушул отургандардын баары күбө болгонун, болбосо Исаков буга чейин президенттин саясаты менен макул эмесмин деген пикирин деле айтпаганын белгиледи. Өзүнүн жеке ызасын мамлекеттик деңгээлде көтөрүп, иштен кеткенин, бул өкүнүч гана жаратаарын кошумчалады. “Мага түз эле келип, ойлогондору менен бөлүшсө болмок. Исмаил Исаковичтен мындай кадамды күткөн эмесмин. Ал эми президент жүргүзүп жаткан саясаттын жыйынтыгын турмуш таасын далилдеп жатат, андыктан ал кимдир бирөөнүн комментарийине муктаж эмес,” деди Бакиев. Өткөн жумада Коосудук кеңештин катчысы Исмаил Исаков ыңкылаптан күткөн үмүттөр акталган жок деп кызматтан кеткендигин жарыялаган. (EBM)

XS
SM
MD
LG