Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:12

16:20 М. Конгантиев дайынсыз жоголгон СДКнын мүчөлөрүн издөө соолгун жүрүп жатат деп сындады


Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев ың-жыңсыз кеткен Бактияр Амиржанов менен Руслан Шаботоевди издөө боюнча кечээ чукул жыйын өткөрүп, маалымат алды. Жогорку Кеңештин депутаты Р. Шаботоев менен дагы бир депутат Жусупжан Жээнбековдун баласын издеп-табуу жакшы жүрбөй жатканын айтып, катуу сынга алды. Булардын тагдыры милициянын баардык бөлүмдөрүнүн башчыларын кайдыгер калтырбашы керектигин белгиледи. Дайынсыз жоголгондорду издөө боюнча өз маалында аракет көрбөгөн жетекчилерге катуу чара көрүлөөрүн эскертти. М. Конгантиев дайыны белгисиз болуп жаткандардын маселеси ИИМдин коллегиясында көтөрүлөрүн кошумчалады. Ошондой эле 1994-жылдан бери ың-жыңсыз жоголгондор боюнча кылмыш иши козголуп, издөө иштери кайрадан улантылаарын кошумчалады. Бул туурасында ИИМден кабарланды. (EBM)

XS
SM
MD
LG