Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:19

14-ОКТЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Бүткүл Союздук Борбордук Аткаруу комитети 1924-жылдын 14-октябрында Кара-Кыргыз Автономиялык областынын уюшулушу туурасында токтом кабыл алган. I Түркологиялык съезд маанилүү роль ойногон. Түркологдордун I съезддинен кийин 1926-жылдын 14-октябрында Кыргыз Алиппе комитети уюшулган.

Бүткүл Союздук Борбордук Аткаруу комитети 1924-жылдын 14-октябрында Кара-Кыргыз автономиялык областынын уюшулушу туурасында токтом кабыл алган. Автономиялык областтын РСФСР курамында чектелген административдик бийлик менен уюшулганына карабастан, кыргыз калкы биринчи жолу мамлекет түптөөгө жолдомо алган. Кыргыз Автономиялык областынын өзүнө таандык территориясы белгиленип, түпкүлүктүү калк жашаган аймакта саясий жана маданий өнүгүүгө шарт түзүлгөн. Кыргыз калкы үчүн автономиялык биримдиктин уюшулушунун мааниси зор. Автономиялык област алкагында кыргыз калкы укуктук жана саясий жактан өз алдынча мамлекет куруу мүмкүнчүлүгүнө жетишкен. Өз маалында Абдыкерим Сыдыков, Юсуп Абдрахманов сыяктуу мамлекетчил саясатчылардын 1924-жылкы жасаган аракетинин акыбети, 1991-жылы кайтып, кыргыз калкы өз алдынча эгемен Кыргыз Республикасын уюштурган.

Кыргыз калкынын сабатын ачууда 1926-жылы өткөн I Түркологиялык съезд маанилүү роль ойногон. Түркологдордун съезддинде Жаны Алиппе комитетин уюштуруу чечими кабыл алынган. Касым Тыныстанов, Эшенаалы Арабаев сыяктуу кыргыз интеллигенттеринин аракети менен 1926-жылдын 14-октябрында Кыргыз Алиппе комитети уюшулган. Кыргыз Алиппе комитетинин башчылыгына Абдыкадыр Орозбеков дайындалып, Алиппе комитеттин жер-жерлерде райондук алиппе комитететтери курулуп, билим тармагын латын тамгасына өткөрүү үчүн камылга көрүлө баштаган. Ал үчүн башында «Эркин Тоо» гезитинин соңку барагына латын тамгасында чакан кабарлар басылган. Алиппе комитети борбордук бюджеттен каржыланып, анын натыйжалуу иштешине ар тараптуу жардам көрсөтүлгөн.

Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин секретары Керимкул Орозалиевдин «көрсөтмө» мүнөздөгү макаласы 1947-жылдын 14-октябрында жарык көргөн. Партия секретары тарых илими менен адабият таанунун кезектеги милдеттерине көңүл буруп, коммунисттик идеология жана марксисттик-лениндик методологияга коошбогон жат көрүнүштөргө каршы чечкиндүү чара көрүлөөрүн белгилеген. Партия секретарынын макаласында кыргыз тарыхында орчундуу орун ээлеген Ормон хан, Байтик, Шабдан жана Курманжан датка сыяктуу тарыхый инсандарды даңазалаганы үчүн А. Н. Бернштам, С. М. Абрамзон жана Б. Ж. Жамгырчиновдор кескин сынга алынган.
XS
SM
MD
LG