Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:31

7:15 Бүгүн Социал-демократтар транспорт жана байланыш министри Нурлан Сулайманов менен жолугушат


Социал-демократтар партиясынын парламенттеги лидери Бакыт Бешимовдун “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча жолугушууда Кыргызстандагы транспорттук коммуникациянын өнүгүшү тууралуу кеп болот. “Транспорттук байланыш стратегиялык тармак, биз анын келечеги жана азыркы абалы тууралуу так билгибиз келет,” деп белгилеген депутат ошондой эле авиация тармагы боюнча да маселе козголорун кошумчалады. Анын айтуусунда транспорт жана байланыш министрлиги тарабынан сатылып алынган эки учакка байланыштуу министрге бир катар суроолор бар. Социал-демократтар өлкөдө азык-түлүк кризиси болуп аткан учурда, мугалимдерге кошумча акча берилбей, пенсияны көбөйтүүгө каражат жок учурда 13 млн долларды коротууга жол берилип жатканы туура эмес, деп эсептешет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG