Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:03

ЧАКАН ГЭСтер ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КРИЗИСТЕН ЧЫГУУГА КАНЧАЛЫК ЖАРДАМ БЕРЕТ?


Кичи жана орто ГЭСтерди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция республика боюнча 40тан ашуун чакан ГЭС курууну көздөөдө. Бул тууралуу аталган дирекциянын жетекчиси Феликс Кулов бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Куловдун айтымында, Кыргызстанда кичи жана орто ГЭCтерди курууга кызыгуусун бир катар чет элдик инвесторлор да билдиришүүдө. Анткен менен айрым адистер өлкөнү энергетикалык кризистен чыгаруу үчүн чакан ГЭСтерди куруу жетишсиз экенин, бул үчүн комплекстүү чаралар көрүлүшү керектигин белгилеп жатышат.

Чакан жана орто ГЭСтерди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Феликс Куловдун айтымында, учурда дүйнө жүзүндө кризис болуп жаткан мезгилде, дал ушул энергетика оор кырдаалдан чыгууга өбөлгө түзөт. Ф.Кулов ошондой эле учурда республикада энергетика тармагында түзүлгөн катаал кырдаалдан чыгуунун жолун өкмөттү жетектеп турганда айтканын белгиледи.

Куловдун пикиринде, мамлекет энергетикада жалгыз гана сууга көз каранды болгону туура эмес:

- Эсиңиздерде болсо керек, мен премьер-миниcтр болуп жүргөн кезде биз ушундай кырдаалга даярдык көргөнбүз. Анда мен Кара-Кече станциясын куруу боюнча токтомду даярдап чыккам. Эгерде биз азыркыдай иштесек, анда дайыма суудан көз каранды болобуз. Бул коопсуздук жагынан өтө туура эмес. Маселен, Кара-Кечеде көмүр станциясын курсак, Токтогул ГЭСи иштеп чыккан электр кубаттуулугун иштеп чыга алабыз. Кышында Токтогул ГЭСи сууну такыр чыгарбайт. Биз ошону менен сууну үнөмдөйт элек.

Мамлекет башчы “Чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча айкын иш-чаралар” тууралуу кечээ кол койгон жардыкка ылайык, чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүүнүн 2012-жылга чейинки программасы бекитилип, аны ишке ашыруу каралган. Жардыкта бекитилген план боюнча дирекция 2012-жылга чейин өлкөдө 41 кичи жана орто ГЭС курууну пландаштырууда.

Дирекция жетекчисинин орун басары Эмил Алиевдин айтымында, республикада канчалык көп электр станциялар курулса, ошончолук Кыргызстандын энергетика коопсуздугу күчөйт:

- Себеби биз бир эле Токтогулду суу сактагычын карап, качан ал жерде суу болот же болбойт, Өзбекстан электр энергияны береби бербейби деп күтпөй, качан болбосун, чоң айыл болобу, кичи шаар болобу электр энергияны жеткиргенге көбүрөөк мүмкүндүк болот.

Дирекциянын жетекчилигин белгилешинче, кичи жана орто энергетика боюнча долбоорлор Токтогул суу сактагычында 4 млрд. метр куб сууну үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

Ал эми Кыргызстандын өнөр жайына жана КМШ мамлекеттерине эмгек сиңирген энергетик Райымбек Мамыркуловдун көз карашында, кичи жана орто ГЭСтер энергетикалык кризистен чыгууга жардам гана берет, бирок оор абалдан толугу менен алып чыга албайт:

- Мындай чакан жана орто ГЭСтер энергетикалык кризистен чыгара алат деп мен айта албайм, жардам бериши мүмкүн. Анын үстүнө мындан башка деле жолдорду карасак болот. Маселен, ошол эле Камбар-Ата 1-2 ГЭСтерин куруу керек. Анан энергетикада кризис сууга байланыштуу деген туура эмес. Бул- тармакты туура эмес башкаруудан болуп жатат.

Дирекциянын алгачкы, пилоттук кичи ГЭСи үстүбүздөгү жылы жай айында Ысык-Атада курулган. Ал эми план боюнча бекитилген калган кичи жана орто ГЭСтерди куруу иштери келээрки жылдын жаз айында башталаары күтүлүүдө.
XS
SM
MD
LG