Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:35

11:10 МАИ кызматкерлери мас абалында укук коргоочунун уулун коюп кетишкен


“Балдардын укугун коргоо” коомдук уюмунун жетекчиси Назгүл Турдубекованын “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча 18-октябрь күнү Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорунун кесилишинде болгон жол кырсыктан укук коргоочу Антонина Линин уулу Нурлан Ибраев каза болуп, дагы 18 киши жабыркаган. Иликтөөнүн жүрүшүндө жол кырсыгы мас болуп алып машина айдап келе жатышкан МАИ кызматкеринин күнөөсү менен болгондугу аныкталды, дейт Назгүл Турдубекова.
ИИМ басма сөз кызматынын ага инспектору Олжобай Казабаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча Балыкчы-Каракол кан жолунда Ысык-Көл ИИБнын кызматкери бара жаткан автомашина кырсыкка кабылган. Бирок мас абалында болгон эмес, буга байланыштуу тактоо иштери жүрүп жатат. Жабыркагандар Кичи-Жаргылчак айлындагы ооруканага жеткирилген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG