Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:48

ОРУСИЯДАГЫ КЫРГЫЗДАР НУРА АЙЛЫНА ЖАРДАМ ЖИБЕРИШЕТ


Москвадагы Кыргызстандын элчилигинде 18-октябрда өткөн жыйында кыргыз диаспорасы Нура айылында жер титирөөдөн жабыр тарткандарга каражат чогултуу, Чынгыз Айтматовдун юбилейине карата даярдык жана Кыргызстандыктардын экинчи конгрессин өткөрүү маселелерин карады. Анда кабыл алынган чечимдер туурасында Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Райымкул Аттокуров «Азаттыктын» менен болгон маегинде айтып берди.

"АЗАТТЫК": - Бүгүн кыргыз диаспорасынын жетекчилери менен кыргыз коомдук өкүлдөрү чогулушуптур. Нура айылында болгон жер титирөөдө кайтыш болгондорду эскерүү жана ал алааматтан аман калган тургундарга жөлөк пул жыюу аракети жасалып атыптыр.

Р.АТТОКУРОВ: - Кыргыз диаспорасынын бүгүнкү чогулушунда Нура айылында жер титирөөдөн жапа чеккендерге колдон келген жардам көргөзүү маселеси көтөрүлдү. Диаспоранын сунушу боюнча жыйналган акчаны 27-октябрда Кыргызстанга, Нура айылына жөнөтүү бүтүмүнө келдик.

«АЗАТТЫК»: - Элчи мырза, азыркыдай, кыргыз диаспорасынын Ала-Тоодо жабыр тарткандарга акчалай салым кошуусу мурда болду беле же алгач ирээт жасалып атабы?

Р.АТТОКУРОВ: - Эки-үч жылдай болуп калды. Дайыма жакшылыкта болсун, жамандыкта болсун, тилекке каршы, ушундай кайгылуу учурда жолугушабыз. Бүт Орусия боюнча 35 аймакта кыргыз диаспорасы уюшулган, алардын жетекчилери менен тыгыз байланыштабыз. Кайсы жерде эмне болбосун, кандай кырсык болбосун аларга көмөк көргөзүп келебиз.

«АЗАТТЫК»: - Жолугушуу үстүндө Чыңгыз Айтматовдун сексен жылдыгына карата атайын жыйын өткөрүлө тургандыгы айтылды. Андан тышкары Кыргызстандыктардын конгрессин да өткөрүү айтылды. Ошолорго тийе өтсөңүз.

Р.АТТОКУРОВ: - Чыңгыз Айтматовдун юбилейин өткөрүү боюнча Москвадагы Дом кино деген уюмдун жетекчилери менен макулдашууга жетиштик. 12-декабрда Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган фильмдерди көрсөтүү болот. Бир күн болобу же эки күн болобу Москва жергесинде жашаган кыргыздарга, москвалыктарга жана Чыңгыз Төрөкуловичтин чыгармаларын сүйүүчүлөр үчүн көрсөтүлмөкчү. Алар келип көрүп кетишет деп ишенебиз. Ошондой эле Орусиянын жер-жерлеринде жашап аткан жарандарыбыз ал күндөрү келип маааракеге катышат деп ойлойбуз. Ошол себептен Кыргызстандан маданий өнөрпоздорубузду бул жакка чакырып, бул жердеги элдерди алардын өнөрлөрү менен тааныштыралы деп атабыз.

«АЗАТТЫК»: - Конгресс туурасында бир-эки ооз сөз айта кетсеңиз. Ушуну менен экинчи жолу өтүп атыптыр. Анын алдына койгон максаты жана кандай маселердин талкууга алмакчы?

Р.АТТОКУРОВ: - Баарыга белгилүү Орусиянын аймактарында кыйла эле кыргыздар иштейт, жашайт, окуп атышат. Негизги максат – алардын башын кошуп, жакшылыкта – жамандыкта чогуу болуу. Кыргызстанда болуп аткан жаңылыктар менен тааныштырып, келечекти кандай пландаштыруу керек: экономикалык-саясий жактан, гуманитардык жактан кандай өзгөрүүлөр болуп атканын айтып, алар менен тааныштырып, алардын башын бириктириш. Орусиянын ар кайсы аймактарында жашаган кыргыздарды бири-бири менен тааныштыруу.

XS
SM
MD
LG