Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:34

12:00 Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушуна орусиялык ишкананын жабдыктары коюлат


Мурдагы “Ленинград металл заводу” (азыр “Күч машиналары” ишканасы) тарабынан Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушуна союз мезгилинде эле эки жумушчу колесо даярдалган. (Жумушчу колесо -суудан электр энергиясын чыгаруучу эң негизги жабдык). Анын ар биринин салмагы - 100 тоннадан. Жабдуулар Санкт-Петербургдун Пулково аэропортунан Ташкенттин Чкалов аэропорту аркылуу Камбар-Ата-2 ГЭСине жеткирүүлүгө тийиш. Бирок аларды алып келүү үчүн кете турган каражат колесонун өзүнөн да кымбат турат, анткени ал үчүн Ташкенттен ГЭСке чейинки жолдогу көпүрөлөрдүн баарын жана жолдорду ылайыктуу деңгээлде бекемдөө зарыл. Бул тууралуу аталган ГЭСти куруп жаткан “Нарынсууэнергокурулуш” ишканасынын жетекчисинин орун басары Адыл Дарбышев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда жабдууларды ташып келүү маселеси чечилсе, алардын бири жаңы жылга чейин жана экинчиси жыл жаңыргандан кийин Камбар-Ата-2 ГЭСине алынып келинет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG