Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:44

17:30 Эсеп палатасы: Каржы министрлиги шалаакылыктын негизинде 10 млрд сомдук чыгашага апкелген


Мындай маалымат Эсеп палатасынын бүгүнкү жыйынында айтылды. Ага ылайык каржы министрлигинин ишмердүүлүгүн текшерүү учурунда министрлик мамлекеттик бюджетти толтурууну жетишсиз түрдө камсыз кылгандыгы жана бюджетке тиешелүү каражаттын максаттуу пайдаланылып жаткандыгына көзөмөлдү начар жүргүзүү менен тышкы карыздын көбөйүшүнө шарт түзгөндүгү аныкталган. Текшерүүдө айтылгандай министрлик “КыргызГаз” ишканасынын жана “Манас” эл аралык аэропортунун ишмердүүлүгүнөн түшкөн дивиденддердин мамлекеттик бюджетке тиешелүү деңгээлде түшүүсүн камсыз кыла алган эмес. Ошондой эле парламенттин макулдугусуз бир нече экономикалык долбоорлор кошмча нарк салыгынан бошотулган. Каржы министрлигинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу Эсеп палатасынын отчету кийинки жумада өкмөттүн жыйынында, андан кийин парламентте уктурулат.
Бул маалымат боюнча каржы министрлиги жакын күндөрдө өз пикирин билдримекчи.(ZKo)

XS
SM
MD
LG