Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:03

Түркияда аттуу-баштуу делген 86 кишинин үстүнөн сот иши жүрүүдө. Аларга аскердик төңкөрүш жасоо үчүн кутум даярдаган жана массалык киши өлтүрүүгө беленденген деген айып тагылды. «Эргенекон тобу» деп аталган бул топтун катышуучулары, мамлекеттик айыптоочунун пикиринде, 2006-2007-жылдары секулярдык бир гезиттин редакциясында жардыруу уюштурган жана бир соттун өлүмүнүн артында турган имиш. Доого кабылгандардын жактоочулары болсо бул айыптоону четке кагып, камалгандарды чыныгы атажуртчулар деп колдоого алууда.

Соттолуп жаткандардын арасында ардагер генералдар, офицерлер, таанымал саясатчылар, адвокаттар жана журналисттер бар.

Тергөөчүлөрдүн жоромолуна караганда, алар ашынган улутчул топту түзүп, өлкөдө зомбулук иш-аракеттерди байма-бай жүзөгө аркылуу аскер жетекчилигин бийликти кайра басып алууга мажбурлоо жана ушул ыкма аркылуу өлкөдөгү секулярдык түзүлүштү сактап калуу максатын көздөшкөн.

Бул жашыруун топ «Эргенекон» деп аталган делет.

«Эргенекон» сөзү эмнени билдирет?

«Эргенекон» сөзүн түркиялыктар мектеп ирегесин алгач аттап, тарых сабагын «эжелеп» окуй баштагандан тартып дурус билишет.

Айтылуу фарсы тарыхчысы Рашид ад-Дин 14-кылымдын башында «Жамы ат-таварих» - «Тарыхтар жыйындысы» эмгегин жазып, анда Эргенекон уламышын эскерет. Уламышта кыйсыпыр түшүрүп келген душмандан качкан көчмөн уруунун өкүлдөрү туш-тарабы бийик тоолор менен торолгон бир өрөөнгө барып баш калкалайт. Бул өрөөндүн аты Эргенекон болот.

Түркиялык окумуштуулар «Эргенекон» сөзү аркылуу байыркы түрктөрдүн Ички Азияда же Түштүк Сибир менен Алтайда жайгашкан деп жоромол кылынган көөнө атажурт чордонун белгилешет.

Соттолуп жаткандарга өзгөчө олуттуу кылмыш айыбы тагылууда

20-октябрда соттун алгачкы отуруму Стамбулдан 70 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Силиври (Silivri) шаарында башталды.

Отурум башталганда эле, калайыктын көптүгүнөн улам сот жараянына тоскоолдук жаралып, акыры сот бул жараянга түздөн-түз тийешеси бар кишилерден башкалардын залдан чыгып кетүүсүн талап кылды.

Айыптоочунун тексти эле эки жарым миң барактан турат.

«Эргенекон тобу» деп аталган жашыруун топтун катышуучулары, мамлекеттик айыптоочунун пикиринде, Стамбулда чыгып келген «Агос» аттуу секулярдык гезиттин редактору, теги армян Грант Динктин өлүмүнүн артында турат жана ал түгүл Нобел сыйлыгынын лауреаты, жазуучу Орхан Памуктун жана азыркы өкмөт башчы Режеп Тайып Эрдогандын өмүрүнө кол салуу ниетинде болгон имиш.

Айыпталдып жаткандар өздөрүн күнөөсүз деп эсептешет

Соттолуп жаткандардын арасында ардагер генералдар Хүршит Толон, Шенер Эрүйгүн, ошондой эле «Жумхурийет» гезитинин Анкарадагы бөлүмүнүн башчысы Мустафа Балбай, Анкара Соода палатасынын башчысы Синан Айгүн жана башкалар бар.

Сотко чакырылгандардын бири, Стамбул университетинин мурдагы ректору, профессор Кемал Алемдароглу (Kemal Alemdaroğlu) бул айыптоолордун баарын «күлкү гана келтирчү окуя» деп атады жана өзүн Башмыйзамга жана башка мыйзамдарга ылайык иштеп келген ректор катары белгиледи.

Ардагер капитан Музаффер Текин болсо эч кандай «Эргенекон» деген уюм жок болчу, аны бийликтеги исламчыл АК партия өзү ойлоп тапкан деп 20-октябрда билдирди.

Камалгандарды колдогон жүздөгөн демонстранттар Силивридеги түрмөнүн сыртында Түркиянын байрагын желбиретип: «чыккынчылар – парламентте, чыныгы патриоттор – абакта» деп кыйкырып жатышты.

Бул сот жараяны керекпи?

Бул сот жараянына ар кыл өңүттөн саясий түс бергендер өлкөдө аз эмес.

Түрк саясатчысы Йашар Окуйан (Yašar Okuyan) болсо бул сот жараяны зарыл экенин Стамбулдагы кабарчыларга мындайча айтты:

- Биз мыйзамдуулук менен демократиянын улуктугунан баш тартпоого тийишпиз. Көз каранды эмес сот системасы айыпталып жаткандарга да, аларга айып тагып жаткандарга да адилет чечим чыгарат ко деп үмүттөнөбүз. Баса белгилээрим, бул доого кабылып жаткандар сот өз чечими аркылуу алардын күнөөсүн тастыктамайынча тек гана шекке кабылгандар катары каралышы керектигин унутпоого тийишпиз.


Бир катар түркиялык серепчилердин оюнча, бул сот жараяны - өлкөдөгү секулярдык күчтөр менен бийликтеги Адилет жана Өнүгүү партиясынын (АК партиянын) өз ара күрөшүнүн гана бир бөлүгү.

АК партиянын каршылаштары бул исламчыл партия өлкөнү Мустафа Кемал Ататүрк негиздеген секулярдык түзүлүштөн исламчыл эски түзүлүшкө бурууга далаалаттанып жатат деп шектенишет.

АК партия жетекчилиги болсо либералдык экономиканы жана өлкөнүн Европа Биримдигине мүчө болушун жактаарын баса белгилеп келүүдө.

Быйыл жайында Башмыйзамды бузду деген доо менен АК партияга тыйуу салуу аракети жасалды, бирок ал аракет майнапсыз аяктады.

Түркиянын аскер жетекчилиги эч кандай төңкөрүш аракетине же ниетине өздөрүнүн тийешеси жоктугун билдиришти.

Ал эми өлкөдөгү укук коргоочулар болсо айыпталып жаткандардын ак экендигин же күнөөсү бардыгын адилет сот аркылуу аныктоо керек жана мурдагы ири аскер кызматкерлерин да сот жообуна тартуу алгылыктуу деп белгилешүүдө.

Сот отуруму ишин 23-октябрда кайра улантмакчы.

Бул сот бир нече айга созулушу ыктымал.

Эгерде айыпталып жаткандар күнөөлүү деп табылса, анда узак мөөнөттүк абакка кесилиши ажеп эмес.
XS
SM
MD
LG