Эсеп палатасынын маалымдоосуна караганда, Каржы министрлиги өткөн жылга салыштырмалуу тышкы карыздын көлөмүн 2 миллион 900 миң долларга, ички карызды 225 миллион сомго көбөйтүп жиберген. Андан сырткары министрликтин кызматкерлерине 11 миллион сом ашыкча сарптаган. Каржы министрлиги өз кезегинде Эсеп палатасынын айыптоолорун четке кагып, Кыргызстан тышкы карызы өтө оор мамлекеттердин катарынан, карызы жеңилиреек мамлекеттердин катарына өткөнүн, ал эми кызматкерлерди каржылоо алардын демилгелүүлүгүн көтөрүү, кызматын өз денгээлинде баалоо максатында берилгенин билдирүүдө.(AiT)