Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:37

23-октябрь: Тарых барактары


Генерал М. Д. Скобелев 1876-жылдын 23-октябрында алайлык кыргыздарга мүнөздөмө берген. 2003-жылдын 23-октябрында Россия Федерациясынын президенти В. В. Путин Кыргызстанга бир күндүк иш сапары менен келген.

1860-жылдын 22-октябрында аяктаган Узун-Агач салгылашы жана Кокон хандыгынын колу орус аскерлеринен талкаланышы, кыргыз урууларына зор таасир калтырган. Буга чейинки кокондуктардын залимдигине каршы топтолгон нааразычылык кыргыздардын тышкы саясий багытын Россия империясына түздөшүнө түрткү берген. Санжыралык маалыматтарга караганда, Узун-Агач салгылашы бүткөндөн кийинки күнү кыргыздардын чоң манаптары - Байтик жана Жантай орус бийлигине моюн сунуп, империянын курамына кирүүнү туура көрүшкөн. Алардын көз карашын колдобогон жалгыз адам - Ормон хандын уулу Үмөтаалы болгон.

Генерал М. Д. Скобелев жетектеген орус аскерлери 1875-жылдын бул күнү Намангандын батыш тарабында козголоңчу кыпчактардын колун талкалаган.

Генерал М. Д. Скобелев 1876-жылдын 23-октябрында алайлык кыргыздар туурасында мүнөздөмө кабар калтырган. Анын айтымында, алар күчтүү хандык маалында да моюн сунуп, күнкор абалда калган эмес. Алайлык кыргыздар салыштырмалуу жоокерчилиги менен айырмаланышып, киши жеткис тоолуу аймакта жашашат. Алар хандыкка каршы жалаң жай айларында козголоң чыгарып турушкан. Кыргыздардын аздыр-көптүр күнкордугу тоо этегиндеги кыштактарда орун алган базарларга байланыштуу деп, аларга каршы жүргүзүлчү аскердик саясатты аныктаган.

Россия Федерациясынын президенти В. В. Путин 2003-жылдын 23-октябрында Кыргызстанга бир күндүк иш сапары менен келген. Кыргызстандын президенти Аскар Акаев менен Владимир Путин Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөрдүн пайдалануусуна берилген «Кант» аба майданынын ачылыш салтанатына катышышкан. Салтанат соңунда эки президент авиабазанын ачылышына байланыштуу сөз сүйлөшүп, журналисттердин суроолоруна жооп беришкен. Ушул эле күнү А. Акаев менен В. Путин Бишкекте өткөрүлгөн «Кыргызстан-Россия» аттуу инвестициялык форумга катышышкан. Форум алкагында жалпы суммасы 14 млн. доллардык эки тараптуу инвестициялык документтерге кол коюлган.

Түркия Республикасынын премьер-министри Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстандагы үч күндүк визити 2003-жылдын бул күнү соңуна чыккан. Премьер-министр бул күндөрү Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугушуп, Кыргыз-түрк ишкерлер кеңешинин жыйынына жана кыргыз-түрк «Манас» университетинин жаңы имараттарынын ачылыш салтанатына катышкан.

Жогорку Кеңеш депутаты Т. Акматбаевдин өлүмүнө байланыштуу Бишкек шаарында башталган митинг акциясына “Ар-намыс” партиясынын чет жердеги мүчөлөрү 2005-жылдын 23-октябрында тынчсызданган билдирүү жасашкан. Билдирүүдө Кыргызстандагы криминалдык топтордун ич ара кандуу чатагы өлкөдөгү олку-солку абалды ого бетер бузуп жаткандыгы жана бул окуялардын артында президент Курманбек Бакиевдин карааны калдайып тургандыгы белгиленген.

Бул күнү, 1748-жылы Россияда М. Ломоносов курган химиялык лаборатория ишке киришип, 1991-жылы СССРде КГБ таратылып, 1752-жылы консервалоону тапкан француз ойчулу Франсуа Аппер, 1789-жылы орус тарыхчысы Константин Арсеньев, 1817-жылы француз филологу, француз сөздүгүн түзгөн Пьер Лярусс, 1908-жылы советтик физик, Нобель сыйлыгынын лауреаты Илья Франк, 1923-жылы жазуучу, акын Жунай Мавлянов, 1928-жылы кыргызстандык акын жана котормочу Михаил Ронкин, 1945-жылы кыргызстандык адабият таануучу Валерий Вакуленко жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG