Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:51

12:58 А. Дыйканбаев: Дүйнөлүк каржы кризиси Кыргызстанга да таасир этет


Бул тууралуу "Азаттыкка" президенттик администрациянын экономикалык саясат бөлүмүнүн башчысы Азамат Дыйканбаев билдирди.Анын пикиринде, ушул тапта дүйнөнү каптаган каржы кризисинин тамыры тереңге кетет. Дүйнөлүк экономикада акча тартыштыгы сезилүүдө. Бул, өлкөнүн экономикалык активдүүлүгүнө таасирин тийгизет. Анткени Кыргызстан Орусия, Казакстан менен бекем соода алакаларын түзгөн. А.Дыйканбаевдин айтымында, каржы кризисинен таасиринен улам учурда ишкердиктин деми кыйла басылып калганы байкалууда. Албетте, мындай көрүнүш жалпы экономикага терс таасирин тийгизбей койбойт. (AiJu)

XS
SM
MD
LG