Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:34

Хорватия: Журналисттин өлтүрүлүшү өлкөнү ыңгайсыз абалга кептеди


Эдил Сапарбек уулу, Прага 23-октябрда хорватиялык журналист Иво Пуканичтин киши колдуу болушу Балкандагы өзүн демократиялык нукка толук түштү деп санаган Хорватия мамлекетин ыңгайсыз кырдаалга кептеди. Өлкө бийлиги, бир чети, уюшулган кылмыштуу топтор менен күрөшө албай калгандыгын мойнуна алууга тийиш, же тескерисинче, мыйзамдуулукту, тартипти, укукту чыңдоо үчүн тийешелүү реформаларды чукул арада жүзөгө ашырууга тийиш. Ал эми серепчилер болсо өлкөдөгү жагдайды баалоодо бири-бирине карама-каршы пикирде.

1990-жылдардын башындагы Балкан согушунан бери өтүп бараткан аптадагы окуяга чейин Хорватияда бир да журналисттин өмүрү кыйылган эмес.

Жазуучу, Хорватиядагы адам укуктары боюнча Хельсинки комитетинин мурдагы жетекчиси Иван Звонимир Чичак (Ivan Zvonimir Cicak) журналист Пуканичтин өлтүрүлүшү Хорватияда ар бир атуулдун өмүрү кооптуу абалда экенин билдирет дейт:

- Мындан ары эч бир кишинин өмүрү коопсуз болбой калды. Бул кандуу окуядан кийин, ага чейинки абалга салыштырмалуу эми президент Стипе Месичтин да, премьер Иво Санадердин да, алар эмес ар бир хорват атуулунун да өмүрлөрү бул киши өлтүрүүдөн соң коопсуз деп бааланбай калды. Менимче, Хорватияда чоң шаардын так ортосунда адам өлтүрүү оңой-олтоң болсо, анда презденттин, өкмөт өкүлдөрүнүн, жогорку жана конституциялык соттордун коопсуздугун күчөтүү чараларын көрүүгө убакыт келди.

Журналист Гордан Малич болсо, учурда кылмыш чөйрөсү кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы аракеттенген жигердүү адамдарды бутага алып жаткандыгын билдирди. Ал мындай көрүнүштүн пайда болушуна реформаларды өтө солгун жүргүзгөн бийлик өкүлдөрү айыптуу деп санайт.

Ал эми хорватиялык саясат таануучу Давор Гйенеро болсо кыйла оптимисттик көз карашта. Ал тескерисинче, саясий чөйрөдө кылмыштуулук менен күрөшүү демилгеси алдынкы орунда тураарын айтып, кабарчы Пуканичтин өлүмү мындай демилгенин ишке ашырылуусуна жаңыча түрткү бергенин айтат:

- Коомдук консенсус – уюмдашкан кылмыштуулукка өзгөчө каршы. Анткени коомчулук аны демократиянын өзөккү баалулуктарына шек келтирет жана кесепетин тийгизет деп билет. Бул консенсус тек гана кылмыштуулукка каршы күрөш жүрбөй калды деген скептикалык ойдон чындап социалдык реформаларды жүргүзүүгө өтүүгө огожо болот. Бул реформалар болсо Европа Биримдигинин талаптарына жооп берүү үчүн зарыл. Бул – Хорватия үчүн өзүнчө капысынан жүргүзүлгөн чаралардын терапиясы болмок. Анын натыйжасында Хорватия сот реформасын жүргүзүү жана демократиялык институттардын башын коштуруу маселелерин алда канча жигердүү жүзөгө ашыра алмак.

Бийлик өкүлдөрү Пуканичтин өлүтүрүлүшү менен Загреб шаарын экинчи Бейрутка айлантпоого убада берди. 24-октябрда премьер министр Санадер уюшулган кылмыш менен күрөшүү боюнча чукул чаралар көрүлүп жаткандыгын калайыкка билдирди.

Сүрөттө: маркум журналист Иво Пуканич
XS
SM
MD
LG