Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:22

АКШ: Билл Клинтон Барак Обамага жардамга келет


АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон Обаманы колдойт
АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон Обаманы колдойт

АКШда президенттик шайлоо жакындоодо. Бул арада демократ-талапкер Барак Обаманы экс-президент Билл Клинтон коштоп бараары маалымдалды.

Барак Обама жана Жон МакКейн ишемби күнү АКШнын батышындагы Невада, Колорадо жана Нью-Мексика штатарын кыдырууга чыгышты. Обама абалы оор таяэнесини көргөнү Гаваяга барганга бейшемби күнү саясый өнөктүктү эки күнгө токтоткон эле.
Жон МакКейн жекшемби күнү Айовада болгон кездешүүдө Обаманын программасы өкмөттүк чыгымдарды дагы көбөйтөт деп сындап, президенттик шайлоодо жеңем деген ишенимин билдирди:

- Тургула, тургула, күрөшкүлө. Америка үчүн күрөшүү керек. Болбой турган эч нерсе жок. Биз эч качан багынбайбыз. Биз тарыхтан бекинбейбиз, биз тарыхты жасайбыз. Келгиле, бул шайлоодо жеңели да өлкөнү алга жылдыралы. Сиздерге рахмат, сиздерди Кудай өзү колдосун.

АКШ президенттигине талапкер Жон МакКейн


Обама Невададагы жолугушууда республикачыл МакКейндин эзели президент Буштун саясатын колдоп келгенин эске салып, тарапкерлерин акыркы тогуз күндө дагы активдүү болууга үндөдү:

- Эгер сиздер келерки тогуз күндө мени колдосоңуздар, эртелеп добуш берсеңиздер, досторуңуздар жана коңшуларыңыздар менен уюмдашсаңыздар, биз Невададан башка жактарда да жеңебиз деп сөз берем. Биз жалпы шайлоодо утабыз да өлкөнү жана бүтүн дүйнөнү өзгөртөбүз. Баарыңыздарга ырахмат, сиздерди Кудай өзү алкасын. Кошмо Штаттарды Кудай алкасын.

АКШнын 50 штатында өткөрүлгөн соңку сурамжылоого караганда, Обама жеңиш үчүн зарыл 270 шайлоочунун добушун алганга чукул турат. Ал эми 2000 жана 2004-жылдары Буш үчүн добуш берген Огайодо Обама МакКейнден 3 процент алдыда экенин штаттын сегиз чоң гезити жарыялаган сурамжылоо көрсөттү. Өткөн айда Огайдо МакКейн 6 процент менен алдыда болчу. Акыркы 11 президенттик шайлоодо Огайодо жеңген талапкер президент шайланган.

Айрым байкоочулар алдыдагы президенттик шайлоодо Барак Обама озуп чыгаарын боолгошууда

Бирок Мэриленд штатында жашаган Абдыкаар Сыдыков социологиялык изилдөөлөр Обама жеңет дегенге карабай, жергиликтүү афро-америкалыктар чочулап турушат дейт:

-Себеп дегенде, 1973-93-жылдары АКШнын эң чоң штаты Калифорниянын Лос Анжелес шаарынын мэри болуп турган ынды кара Том Брадлей эки жолу (1982 жана 1986-жылдары) губернаторлукка ат салышат. Ал бардык сурамжылоолор боюнча уткан экен. Ага карабай, ал шайлоодо уткуруп койгон экен.

Шаршемби күнү Обама Флориданын Орландо шаарына барганда, ага мурдакы президент Билл Клинтон жардамга келет. Клинтон президенттик жарыштан чыгып калган аялы Хилларини колдогон ак түстүү жумушчулардын добушун Обамага алып бериш керек.

Августа Демпартия улуттук курултайда Обамага ишеним көрсөткөндөн кийин эрди-зайып Клинтондор мурдакы атаандаштыкты унутуп, партиялаштары Обаманы колдоого өтүшкөн.

XS
SM
MD
LG