Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:24

АКШнын Сириядагы элчилиги бүгүн жабык болот


АКШнын Дамасктагы элчилигинин билдирүүсүнө караганда, элчилик коопсуздук боюнча тобокелчиликтер күчөгөнүнөн улам жабылууда жана элчилик америкалыктарга коопсуздугу үчүн кыраакы болууну эскертти. Бул тууралуу өткөн жекшембидеги окуядан соң маалымдалып олтурат. Анда Сирия тараптын ырастоосунда, АКШнын тик учактары өлкөнүн Ирак менен чек арасынан сегиз чакырым аралыктагы кыштакка жортуул жасап, сегиз сириялыкты мерт кылган. Сириянын өкмөтү бүгүн ушул окуяга нааразылык ирээтинде Дамаскта демонстрация өткөрүлүшүнө уруксат берди. Америкалык тарап Сирияга жортуул Ирактан жасалганы тууралуу маалыматты расмий моюндаган жок, бирок АКШнын аты аталбаган расмий өкүлүнүн айтканына караганда, жортуул учурунда Иракка согушкерлерди жөнөтүү менен алектенген адам бутага алынган. Сирия АКШга жооп чара ирээтинде буга чейин эле Дамасктагы америкалык мектептин, маданий борбордун жабууну буюруган.

XS
SM
MD
LG