Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:05

Жалал-Абат облбийлиги алтын фирмаларын тескөөчү комиссия түздү


Комисиянын курамына облустагы 20 мекеме-уюмдун өкүлдөрү кирди. Алар Чаткал жана Ала-Бука райондорундагы кең иштетчү ишканалардын кыргыз мыйзамына ылайык иш жүргүзүүсүн, техникалык жана экологиялык коопсуздукту сактоо боюнча иш-аракеттерин көзөмөлдөшөт. Буга дейре аталган аймактардагы чет элдик алтын изилдеген мекемелердин айрымдары Бишкекте катталышып, облуска салык төлөбөй, тапкан пайда-кирешелерин жашырышкан. Өзбекстандык ишканалар өткөн жылы таш кенин мыйзамсыз ташып кетишкен. Белгисиз фирмалар Чаткалда жер кыртышын бузуп, дарактардын көп түрлөрүн жок кылып, дарыя суулары менен табиятты булгашкан. Ала-Бука районунда иштеген фирма алтындын чайкандылары менен таштандыларды сууга агызып, элдин ден-соолугуна коркунуч келтиргенде жергиликтүү калк нааразылык билдирген. (YA)

XS
SM
MD
LG