Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Нарында мектеп рекетин алдын алууга арналган борбор ачылды


30-октябрда Нарын шаарындагы №2 Чкалов атындагы орто мектебинин имаратында Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн демилгеси менен окуучулар арасында мектеп рекетин алдын алуу үчүн «Дилгир» аттуу борбор ачылды. Борбордо ар кандай кызыктуу адабияттар бар, келечекте Интернет байланышы да болот. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун колдоосу менен ачылган бул борбордо атайын милиция кызматкери олтуруп, шаардагы бардык мектептерден кайрылган окуучуларга усулдук кеңеш берилет. Шаардык милициянын начальнигинин орун басары Каныбек Чолпонбаевдин айтымында, каалаган окуучуларга өз учурунда тиешелүү кызмат адамдары менен байланыштырууга да мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Борборго келген окуучуларга да алгачкы аскердик билимдер берилет. Эске сала кетчү жагдай шаардык милициянын маалыматы боюнча Нарын шаарындагы 7 жаштан 17 жашка чейинки ар бир 6 бала мектеп рекетине кабылат. (JI)

XS
SM
MD
LG