Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:01

Ооганстанда кимдин согушу жүрүүдө?


Оогандык Кундуз аймагында немис жоокерлери күзөт кылууда. 2008-жылдын 1-октябры. EPA.
Оогандык Кундуз аймагында немис жоокерлери күзөт кылууда. 2008-жылдын 1-октябры. EPA.

АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс НАТО Ооганстандагы аскер санын жакын арада көбөйтөөрүнө азырынча көзү жетпей тургандыгын билдирди. Министр Гейтс мырза Пентагонду 2006-жылы жетектей баштагандан бери башка НАТОго мүчө өлкөлөрдү Ооганстанга кошумча аскер жөнөтүүгө чакырып келет. Бул өлкөдөгү коопсуздук маселесин чечүүнүн башка да жолу барбы?

АКШнын коргоо министри (Коргоо катчысы) Роберт Гейтстин айтымында, келээрки жылы Кошмо Штаттар гана Ооганстанга кошумча 10 миңдей аскер жөнөтөт шекилдүү.

Ооганстандын коопсуздук күчтөрүн башка НАТО өлкөлөрүнүн колдоосу аркылуу чыңдоо өтө олуттуу маселе, антпесе бул жаңжал “Американын гана согушу” өңдөнүп калат, деп Гейтс мырза жума күнү (31-октябрда) билдирди.

Болочокто Ооганстандын өзүнүн коопсуздук күчтөрү кубаттанып, өлкө коопсуздугунун жүгүн өздөрү аркалап калышы керек, акыры террорчуларга каршы согуш “Американын эмес, НАТОнун да эмес, Ооганстандын өзүнүн согушуна айланышы керек”, деди Гейтс мырза.

Анын айтымында, Батыш өлкөлөрү бул өлкөнү бийлөө үчүн эмес, жергиликтүү өкмөттүн бийлигине огожо болуп, көмөк көрсөтүү үчүн гана келгенин жергиликтүү калайыктын аңдашына жетишүү абзел.

Кабулдагы саясий серепчилердин бири Зубайр Шафики мырза “Азаттык” үчүн маек куруп, оогандар деле бул согуш өздөрүнүкү экенин дурус билээрин, тек гана 2001-жылы талиптик режим кулатылгандан тартып уланып келаткан талипчи жоочуларга каршы аскердик өнөктүктө алигиче чет элдик бейпилдик күчтөрү башкы ролду ойноп жатканын белгиледи.

Шафикинин оюнча, Батыш улам кошумча күчтөрдү Ооганстанга аттандыруунун ордуна, өлкөнүн жергиликтүү армиясын жана полициясын каржылык жана курал-жарактык жактан чыңдап берсе алда канча натыйжалуу болоор эле:

- Канчалык бул согуш “Ооганстандын өзүнүн согушуна”, “Ооганстандын коргонуусуна” айланса жана ооган армиясы чыңдалса, ошончолук бул согуштук жаңжал аяктачу күнгө жакындаар эле. Эл аралык аскерлер кыска мөөнөттүк деңгээлде гана бул маселени чече алат. Узак мөөнөттү көздө тутсак, Ооганстан армиясын кубаттандыруу гана коопсуздук маселесин чечүүнүн бирден-бир жолу боло алат.

Жети жыл илгери бийликтен айрылган талип жоочулары акыркы эки жылда кайрадан жаңы күч менен баш көтөрүп, улам жаңы козголоңдорду жана террордук чабуулдарды уюштуруп келет.

Ушул тапта Ооганстанда АКШнын 32 миңдей жоокери жайгашкан. АКШ аскеринин 17 миңдейи НАТОнун жетегиндеги тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн курамында кызмат кылат. Ал эми Ооганстандагы эл аралык бейпилдик күчтөрү 43 өлкөдөн келген 53 миң жоокерден куралган.

АКШнын президенттигине талапкер сенаторлор демократ Барак Обама менен республикачы Жон МакКейн экөө тең Ооганстанга кошумча аскер күчүн жиберүүнү жактап келишет.

Бишкектеги Манас аба майданында Ооганстандагы эл аралык антитеррордук ынтымактын АКШнын жетегиндеги аскер аба базасы жайгашкан.

XS
SM
MD
LG