Бишкек шаардык гидрометеорология борборунун билдирүүсү боюнча, 4-ноябрда Кыргызстанда жамгыр жаабайт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жеткен жел жүрөт.
Абанын температурасы:
Чүй аймагында түнкүсүн -2...+3, күндүз +11…+16 градус.
Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14 градус.
Баткен өрөөнүндө түнкүсүн -1...+4, күндүз +11...+16 градус.
Жалал-Абад, Ош аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16 градус.
Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10 градус.
Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +5…+10 градус.
Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2, күндүз +14…+16 градус.