Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:02

Америкалыктар бүгүн президент жана Конгресс үчүн добуш берет


Коомдук пикирди сурамжылоонун дээрлик баарынын жыйынтыктары демократ Барак Обама, атаандашы республикачыл Жон МакКейнден алдыда экенин көргөзүүдө. АКШдагы президенттик шайлоонун жеңүүчүсү, акыр аягында, 538 өкүлдөн турган шайлоочулар коллегиясы тарабынан аныкталат. Шайлоочулар коллегиясынын курамы өлкөнүн 50 штатынын жана борбор Вашингтондун өкүлдөрүнөн турат. Ар бир штаттын шайлоочулар коллегиясындагы өкүлдөрүнүн саны ошол штаттын калкынын санына жараша болот. Жеңип чыгуу үчүн шайлоочулар коллегиясындагы 538 өкүлдүн кеминде 270инин добушу талап кылынат. АКШнын чыгыш жээгинде алгачкы шайлоо бекеттери эң эрте дегенде бүгүн Бишкек убактысы боюнча 17:00дө ачылып, эртең таңкы 06:00до жабыла баштайт. Эң акыркылардан болуп шайлоо бекеттери Аляскада, Бишкек убактысы боюнча шаршембиде саат 12:00дө жабылат.

Америкалыктар бүгүн ошондой эле Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын баардык 435, 100 адамдан турган Сенаттын үчтөн бир бөлүгүн же 35 мүчөсүн да тандашат. Коомдук пикирди сурамжылоонун көрсөткүчтөрүнө караганда, демократтар Конгресстин кош палатасында тең орундарынын санын көбөйтөрү күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG