Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:55

Өзгөндө санитардык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин иши чатак


Өзгөн райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Сүйүмкан Алдашева карамагындагы кызматкерлерге орой мамиле жасап, чындыкты бетке айткандарды куугунтуктагандыгы үчүн мекеменин 10 чакты өкүлү анын кызматтан кетишин талап кылышууда. Ошол эле учурда эмгек жамаатынын арызынын негизинде аймактык прокуратура Алдашеванын үстүнөн кылмыш ишин козгоп, тергөөнүн жүрүшүндө башкы дарыгер кызматынан кыянат пайдаланып, бюджеттик каражаттарды максатсыз сарптагандыгы аныкталды. Бирок жергиликтүү бийлик Алдашеваны кызматтан четтетүү маселеси соттук териштирүүдөн кийин гана чечилет деген позицияда турат. (АТо)

XS
SM
MD
LG