Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

Шайлоо божомолдоруна караганда Барак Обама алдыда


Шайлоо бекеттеринде жүргүзүлгөн сурамжылоого же экзит полдорго негизделген божомолдорго караганда, Барак Обама Иллинойс, Пенсилвания, Нью-Гемпшир, Массачусетс, Нью Жерси, Нью-йорк, Мичиган, Мариленд,Коннектикут, Делевер штаттарында алдыга чыккан. Бул ага шайлоочулар коллегиясынын 170ден ашуун добушун алууга мүмкүндүк берет. Ал эми МакКейн экзит полдорго негизделген баштапкы божомолдор боюнча Кентуки, Жоржия, Алабама, Вайоминг, Түштүк Каролина, Теннеси, Оклакома штаттарында алдыга чыкты Бул ага шайлоочулар коллегиясынын 60 тай добушун алууга мүмкүндүк берет. Президенттик шайлоодо жеңип чыгуу үчүн шайлоочулар коллегиясындагы 538 өкүлдүн кеминде 270нин добушу талап кылынат. Маалыматтарга караганда, Конгресстин эл өкүлдөр палатасына жана Сенатка шайлоодо дагы демократтар алдыда баратканы айтылууда.

XS
SM
MD
LG