Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:33

“ЭрК” партиясы элди бийликтин саясатына каршы акцияларга чакырууда


Партиянын саясий кеңешинин мындай чечими менен партия лидери Турсунбай Бакир уулу бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Саясатчынын айтымында, тынчтык акцияларына катышууну чечкен партиянын, саясий күчтөрдүн өкүлдөрү жергиликтүү эл менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн республиканы кыдырып чыгышат. “ЭрК” партиясы элге жасаган кайрылуусунда, 16-декабрда республика боюнча өтө турган бул иш-чарада өлкөнүн социалдык жана экономикалык үңкүргө түшүшүнө, адам укуктарынын басмырланышына, коррупциянын тамыр жайышына, мамлекеттин кен байлыктарды сатышына “ЖОК!” деп айтууга чакырууда. Т.Бакир уулунун айтымында, акцияга 12 миңге жакын адам катышат деп күтүлүүдө, бирок катышуучулардын так саны азырынча белгисиз. (MSu)

XS
SM
MD
LG