Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:44

Дүйнө лидерлери Барак Обаманын АКШ президенттигине шайланышын кубатташууда


Россиянын президенти Дмитрий Медведев алгачкы жылдык кайрылуусунда Обаманын администрациясы Москва менен алакаларды өнүктүрүү жолун тандайт деп үмүттөнөөрүн белгиледи. Франциянын мамлекет башчысы Николя Саркозинин айтымында, Обаманын шайланышы Франция, Европа жана башка өлкөлөрдө үмүт жандырды. Кытай лидери Ху Цзинтао эки тараптуу кызматташтык эми жаңы баскычка чыгат деген ишенимин билдирди. Обаманы Ооган президенти Хамид Карзай, Палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббас куттукташты. Ирактын өкмөт башчысы Хошияр Зебари болсо Обаманын шайланышынан кийин АКШнын Ирактагы саясаты дароо өзгөрөөрүнө ишенбей тургандыгын айтты.

XS
SM
MD
LG