Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:18

Ж.Жээнбековдун уулу Бахтиярды издөө аракеттеринен майнап жок


СДП фракциясынын депутаты Жусупжан Жээнбековдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, өз алдынча издөө иштери улантылып жатат. “Бирок андан азырынча эч майнап чыга элек”,- дейт депутат. СДП фракциясы дайынсыз жоголуп отурган депутат Руслан Шаботоев менен Бахтияр Амиражановдун табылбай жатышын милициянын кайдигер мамилесинен көрүп, кылмышка каршы күрөшө албаган ИИМдин жетекчилиги кызматынан кетиши керектигин 5-ноябрда маалымат жыйынында билдирген эле. Бахтияр Амиражановдун дайынсыз жоголгонуна бир жарым ай болду. Амиражановдун автоунаасы табылганын эске албаганда, бул иш боюнча ИИМ тарабынан жаңы жагдайлар аныктала элек. (MSu)

XS
SM
MD
LG