Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:54

Саударабстан ажыга барчуларга виза бере баштады


Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Дин иштери боюнча агенттиктин маалыматына караганда, Ажылык министрликтин өкүлдөрү ажыга баруучулардын визаларын Саударабстандан алдын ала даярдап, Бишкекке жеткиришкен. Даяр визаларды паспортко чаптоо иштери кечээ башталган жана ал келерки үч күндө аягына чыгаары күтүлүүдө. Кыргызстандык мусулмандардын ажылык сапары 16-ноябрда башталат. Сапарга чыкчулардын саны 4,5 миң деп эсептелүүдө. Бир кишинин жол киреси 2400 долларды түзөт. (BuS)

XS
SM
MD
LG