Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:14

С. Балкыбеков: Энергетика үнөмдөлбөсө февралда кризис болушу ыктымал


Мындай пикирин “Азаттыкка” Өнөр жай, энергетика, отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков билдирди. Кечээ журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып министр быйыл ноябрь ичинде белгиленген чектен ашык 16 млн. квт. саат элект кубаты жагылды деди. Мындай чыгымды министр электр тамак-ашка эле эмес, үй жылытууга да пайдаланылып жаткандыгы менен негиздеди. Анын пикиринде минтип жүрүп отурса Токтогул суу сактагычы токтоп, февралда энергетикалык кризис болушу ажеп эмес. Ошондуктан, лимиттен ашкан райондор өчүрүлөт деп билдирген министр чектен ашпаган бир да аймак жок экенин белгилеген. Балкыбеков электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүүнү жагдайдан чыгуунун эң оңой жолу деп эсептеди. Жылуулук бериле баштагандыгына байланыштуу Кыргызстан аймагында электр жарыгын өчүрүү 3-ноябрда токтотулган. (BuS)

XS
SM
MD
LG