Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

Балкыбековду кызматтан кетирүү маселеси ЖКда добушка коюлат


“Ак Жол” фракциясынын бүгүнкү жыйынында айрым депутаттар энергетика тармагын кризиске алып келди, маселенин алдын алган божомолдору жок деген негизде энергетика, өнөр жай жана отун суу ресурстары министри Сапарбек Балкыбековду кызматтан кетирүү сунушу менен чыгышты. Алар министрди кетирбесе абал мындан да курчуй турганын айтышты. Бирок кээ бир депутаттар буга каршы чыгышты. Депутат Ибрагим Жунусовдун айтымында, министрге дагы жазга чейин убакыт берүү керек. “Азыр С.Балкыбековду кетирип жиберсек эле маселе чечилбейт. Кайра бул оорунга ушундай кризис болуп турганда эч ким келбейт. Ошондуктан С.Балкыбеков эми өзүн көргөзүп кризистен чыгуу жолдорун карасын”, - дейт И.Жунусов. Министрди кызматтан кетирүү же кетирбөө маселеси депутаттардын түшкү тыныгуусунан кийин добушка коюлмай болду. (КЕ)

XS
SM
MD
LG