Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:51

Сафарбек Солиев: Борбор Азиянын келечегинен үмүтүм жок


Сафарбек Солиев Бишкекте фестивалдын катышуучусу менен

Сафарбек Солиев Бишкекте фестивалдын катышуучусу менен

Борбор Азия өзүнчө аймак болгону менен, анын курамындагы өлкөлөрдүн ортосунда ынтымак жок, чыр көп. Ушул абалга байланыштуу тажик режисеру Сафарбек Солиев Азаттык менен ой бөлүшүп, абал өзгөрбөсө, кеч болуп баратканын эскертти. Тажикстандагы ички согуштан качып, бүгүн Кыргызстанды өзүнүн экинчи мекени санаган белгилүү режисерду Каракол шаарында анын тасмасы көрсөтүлгөн "Бир Дүйнө" фестивалынын мезгилинде кабарчыбыз Жаңыл Жусубжан сөзгө тартты.

Жаңыл Жусубжан: -Сиздин иштеген ишиңиз Дүйшөмбүдө, үй-бүлөңүз Бишкекте, кыргыздан келин алып, Кыргызстанда кино тартып жүрөсүз. Кыргыздар менен тажиктер коңшу бир тууган эл болсо да, орток алакалар арыдан бери экендигин сиз эмнеден көрөсүз?

Сафарбек Солиев: -Тилекке каршы, ар кимибиз өз арбайыбызды согуп калдык. Мурда бир паспорт менен Ырааккы Чыгышта кетип калчумун, грузиндер менен украиндер менин мекендештерим болгон. Баарынан да кайгырганым, Европа, Түштүк Америка, бүт дүйнө биригип жатат, биз болсо эмне үчүндүр алысташып баратабыз.

Бир чети мунун себеби түшүнүктүү, ажырым бийлик, байлык дегенде өнтөлөгөн саясатчыларга керек. Бирок мындан карапайым эл жапа тартып жатат. Бул абал өзгөрбөсө, эч кандай өнүгүү болбойт, анткени айрыкча экономика интеграциясыз өспөйт. Чындап келгенде, Тажикстан менен Кыргызстандын, Өзбекстан менен Түркмөнстандын ортосуна чек аранын канчалык кереги бар? Бирок эргежээл кландар чек аралардын жоюлушуна эч качан жол бербейт, анда алар ишсиз калып, чек ара, бажыкана жана башка көптөгөн акча табуунун мүмкүнчүлүктөрүнөн кол жуушат.

Мен Борбор Азиянын көп жерлеринде болом, биз артка кетип баратабыз. Бул өтө коркунучтуу нерсе. "Бизде баары сонун, өнүгүп-өсүп атабыз" деген өлкөлөрдө да эч кандай жылыш жок. Мунун баары көз боемоочулук, алдамчылык. Кандай мыкты билим берүү, саламаттык, социалдык системабыз бар эле, баары талкаланып жок болду. Булар коом үчүн өтө маанилүү нерселер да. Бирок мунун баарынан кол жууп калдык.

Жаңыл Жусубжан: -Сиз мына Европага көп барасыз, ал жакта досторуңуз, кесиптештериңиз бар. Бүгүн Европада кой үстүндө торгой жумурткалаган турмуш, чек ара деген жоюлган, элдер ээн-эркин жашайт. 20-кылымда эки согуштан миллиондогон калкынан айрылган Европа өлкөлөрү экономикасы бир-биринен көз каранды болгондо гана согуштан арылаарын түшүнүшкөн, ошондуктан, алар өз суверендүүлүгүнүн бир катарынан баш тартып, мына бул интеграция бүгүн өзүнүн жемишин берип жатат. Борбор Азияда ушундай деңгээлде ойлонгон адамдар барбы?

Сафарбек Солиев: -Андай адамдар балким бардыр. Бирок мен биздин саясатчыларды сыйлабайм, аларга олуттуу мамиле жасай албайм. Алардан мен бул жаатта кандайдыр бир жөндүү сунуш уккам жокмун. Курулай сөз көп. Мисалы канча жылдан бери Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин "Биз биригишибиз керек, Борбор азиялык интеграция зарыл" дегенин кайталап келишет. Казактардын мындай амбициясы күчтүү экени түшүнүктүү, бирок башкаларга бул жакпайт. Албетте мунун үстүнөн экономикалык структуралар иштесе жакшы болмок.

Биздин президенттер жылына чогулушуп, биз түбөлүккө доспуз деп какшанышат, ал эми иш жүзүндө эч өзгөрүш жок. Чек аралар жабык бойдон, миналар жок кылына элек, визасыз жүрө албайсың. Европада бир нерсе дешсе, бир айдан кийин аны ишке ашыра башташат, ал эми бизде баары ураандын гана деңгээлинде кала берет. Москвадан буйрук күтөбү, же Вашингтондун көзүн карайбы, айтор анын аралыгында убакыт өтүп жатат. Көз карандысыздык алганыбызга 17-18 жылдын жүзү болуп калды, көз карандысыздыктан кландар гана утту, баары миллионер, миллиардер болушту, ал эми калк кыйналып жатат.

Жаңыл Жусубжан: -Ал эми интеллигенциячы? Интеллигенция менен эч ким эсептешпейби?

Сафарбек Солиев: -Төңкөрүш болобу, согуш болобу, биринчи кезекте интеллигенция жапа тартат. Интеллигент адам эч качан колуна курал алып, адамдын өмүрүнө кол салбайт. Ошондуктан, алар баарынан көп запкы тартат. Тажикистанда маданият ишмерлери, интеллигенциянын каймагы, мыкты режиссерлор, жазуучулар, архитектор, театр ишмерлери бүт чет жактарда жүрүшөт. Мен орус тилдүүлөрдү гана айткан жокмун, тажик улутундагылар да бүт чилдей тарады.

Мисалы Тажик филм студиясынын имараты турат, ал эми кесипкөй кинематографтар жок. Ар кандай каналдар өздөрүнүн деңгээлинде кино тартып, элге көрсөтөт. Азыр мындай төмөнкү табиттеги филмдер менен тарбия алган жаңы муун "маданият, көркөм өнөр деген ушул турбайбы" деп санайт болуш керек. Бизде коом түп-тамырынан деградация болуп атат. Мунун кесепетин жою өтө кыйын болот.

Жаңыл Жусубжан: -Адам илгери үмүт менен жашайт дейт эмеспи, сизде ушундай үмүт барбы?

Сафарбек Солиев: -Тилекке каршы, биздин өлкөлөрдө сөз эркиндиги жок. Жеке телеканал өзү кино тарта тургандай жеке менчик жок. Телеканалдар бүт бийликтердин колунда. Тажикстанда да ошондой, Өзбекстандан андан да жаман. Эгер трибуна болгондо, маданий ишмерлер көп иш кылышмак. Бирок көр турмуштун айынан, алар бийликтин сөзүнөн чыга албай, өз алдынча эч нерсе жарата алышпайт. Анын үстүнө мисалы менин Өзбек филм студиясында иштеген көп досторум бар, ал режиссерлор азыр бүт Москвада. Мен аларга ошол жакта жолугам, Россияда жашаганга, иштегенге шарт бар. Кыйынчылыктар да жок эмес, бирок аларга талап бар, ошондуктан ошол жакта жүрүшөт. Мен өзүм оптимист адаммын, бирок менде бүгүн мурдагыдай ишеним жок.

XS
SM
MD
LG