Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:46

СДП фракциясына Рахатбек Ирсалиевдин ордуна Турдубек Молдобеков барат


СДП партиясынын лидери Алмаз Атамбаевдин билдиргенине караганда, тизменин негизинде келерки депутатты саясий кеңеш аныктайт. Тизмеден кийин Эдил Байсаловдон кийин Турдубек Молдобеков турат. Бюллетень чатагы боюнча парламенттик шайлоо алдында кылмыш иши козголгон Эдил Байсалов учурда чет өлкөдө жашайт.
Жогорку Кеңеште СДП 11 депутаттык орунга ээ. Алардын ичинен депутат Рахатбек Ирсалиев ишкердикке кеткендигин негиз кылып депутаттык мандатын кечээ өткөрүп берди. Ал эми депутат Руслан Шаботоев бир жарым айдан ашык убакыттан бери дарексиз жоголууда. (BuS)

XS
SM
MD
LG