Өкмөттүн маалымат кызматынын билиришинче, КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын пленардык отурумунда 35 документтин долбоору каралат. Анда негизинен өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн КМШга мүчө мамлекеттер аралык соода-экономикалык байланыштарды арттыруу, Бишкек саммитинде каралган КМШнын 2020-жылга чейинки стратегиялык экономикалык өнүгүүсү сыяктуу маселелер каралмакчы. Премьер-министр Игорь Чудинов баштаган делегация кечээ (13-ноябрда) Молдованын борбору Кишиневго жөнөп кетишкен. (AJ)