Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:58

Ооганстанда он согушкер жок кылынды


Ооганстандын Пактия провинциясында жүргүзүлгөн операциянын натыйжасында 10 согушкер өлтүрүлдү. Бул тууралуу америкалык армиянын өкүлдөрү маалымдашты. Аскерий рейд Жалалуддин Хаккани жетектеген бомба чыгарган экстремисттер тобун жок кылууну көздөгөн. Хаккани өз ишин Пакистандын аймагынан жүргүзөт деп болжолдонууда. Бир кездери АКШ аны СССРге каршы согушкан эркиндик үчүн согушкер деп атачу. Бирок азыр ал талиптер менен жакын кызматташууда.

XS
SM
MD
LG