Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:58

Нарында электр кубатынын өчүрүлүшү окуучулардын билим алышына терс таасирин тийгизүүдө


Мындай маалыматты өз ысымын айтуудан айбыккан Нарын шаарындагы орто мектептердин үч мугалими бүгүн «Азаттыкка» билдирди. Алардын айтымында, электр кубаты күндүзгү саат 11ден саат 15ке чейин өчүрүлүп жаткан учурда орто мектептерде компьютер жана видео, аудио тасмалар аркылуу өткөрүлгөн сабактар үзгүлтүккө учуроодо. Ошону менен катар класстар суук тартып, окуучулардын сабакка болгон табиттери кескин төмөндөөдө. Нарын облустук акимчиликтин бөлүм башчысы Салия Жолдошова мектептерди электр энергиясы менен толук камсыздоо “Чыгыш электр” ачык акционердик коомуна тапшырылгандыгын билдирет. Ал эми “Чыгыш электр” ААКнын Нарын филиалынын жетекчиси Керим Насыров бөлүнгөн лимиттен филиал боюнча суткасына 250 миң киловатт саат электр энергия ашык чыгымдалып жаткандыгын белгилеп, 35/10 киловольттук Нарын-2 подстанциясы бүтүү алдында тургандыгын кошумчалады. (KUs)

XS
SM
MD
LG