Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:06

Электр кубатын берүү чектелүүдө


Электр жарыгын пайдалануунунун чегинен чыккан район, областтарда жарык түнкүсүн өчүрүлөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков билдирди. Министрдин айтымында 16 күндүн ичинде жалпы республика боюнча электр энергиясын пайдалануунун чеги 45млн. квт саатка ашты. “3-ноябрдан тартып электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүү токтотулган, бирок чектен ашып кеткен райондордо даректүү өчүрүүлөр киргизилиши мүмкүндүгүн айтканбыз”, - дейт С.Балкыбеков. “Түндүк электр” акционердик коому билдиргендей, ушул тапта Бишкектин баардык райондору бөлүнгөн чектен чыгып кетишти. Анткен менен мамлекет башчы К. Бакиев да, премьер-министр И.Чудинов да 1-ноябрдан тартып электр жарыгын өчүрүүлөр токтотулаарын билдиришкен эле. (MSu)

XS
SM
MD
LG