Парламент депутаты Үрүмчү шаарында Борбордук Азиядагы жана КМШ мамлекеттериндеги жаңы геосаясий кырдаал боюнча эл аралык форумга катышат. Жогорку Кеңештин басма-сөз кызматы билдиргендей, жыйында Б.Бешимов Борбор Азиядагы жаңы геосаясий кырдаалдын негизги факторлору” деген темада доклад жасайт. Иш чара Борбор Азия институту менен Синьцзян – Уйгур автономиялуу районунун (СУАР) коомдук илимдер академиясынын демилгеси менен уюштурулууда. (MSu)