Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:29

Венгрия министри Кыргызстанга келет


Венгриянын тышкы иштер министри Кинга Генц айым 20-ноябрда Бишкекке расмий сапар менен келет. Ал Кыргызстанда расмий жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташууларды өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. 1992-жылдан бери дипломатиялык байланышта турган Кыргызстан менен Венгриянын соодасы 2008-жылдын алты айында 2 миллион 700 миң долларды түзгөн. Эки тараптын туризм, айыл чарбасы, жеңил жана тамак-аш өнөр жайында кызматташуусуна мүмкүнчүлүк арбын. Бул тууралуу Тышкы иштер министрликтин бүгүн тараткан маалымдамасында айтылат.(AiT)

XS
SM
MD
LG