“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевдин билдирүүсүнө караганда, алар бүгүн Токмокто эл менен жолугушууларды өткөрдү. Анда калк электр энергиясын өчүрүүлөр уланып жатканын жана турмуштары оорлошуп баратканын билдирген. Жолугушуулар “Акыйкат үчүн” кыймылдын 29-ноябрга белгиленген курултайына даярдык көрүүнүн алкагында өткөрүлгөн.(AiT)